Сокулук: Төрт шектүү убактылуу камоо жайынан качып кетишти

Иллюстративдик сүрөт

Ички иштер министрлиги билдиргендей, Сокулук районундагы ИИБдин убактылуу камоо жайынан адам өлтүрүүгө жана каракчылыкка шектелген төрт адам качып кеткен. Облустук ИИБдин өздүк курамы менен ыкчам кызматкерлер качып кеткендерди издеп жатат.

Маалымат жаңыртылып турат.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, камалгандар 27-ноябрда эртең мененки саат 6да качып чыгышып, белгисиз тарапка издерин суутуп кетишкен. Азырынча милиционерлер качкандар кандай жол менен изин суутканын жана алардын шериктери болгонбу же жокпу билишпейт.

«Бардык өздүк курам — ыкчам жана тышкы кызматтар — каракчылык менен адам өлтүрүүгө айыпталып жаткан төрт адамды колго түшүүрүүгө күчтөрүн жумшашууда», — деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан.

Милиция издеп жаткандар:

Чүй облусунда 1979-жылы туулган Базаркулов Рамил Муктарбекович. Адам өлтүрүүгө шектелип кармалган.

Түркмөнстанда 1985-жылы туулган Ачылдурдиев Багтият Турдукулович. Ал каракчылык жана билип туруп мүлккө зыян келтирүүгө шектелип кармалган.

Талас облусунда 1979-жылы туулган Дилдешов Бакыт Чыныбекович. Ал каракчылыкка шектелип кармалган.

Чүй облусунда 1989-жылы туулган Жанботоев Кайрат Байызбекович, адам өлтүрүүгө шектелип кармалган.

Чүй облусу менен Бишкек шаарында «Сирена» деп аталган колго түшүрүү планы ишке киргизилди.