Исаков: Балыкчы — Корумду жолунун курулушу каражаттын жетишсиздигинен токтотулду

Премьер-министр Сапар Исаков Ысык-Көл облусундагы Балыкчы — Корумду жолунун курулушу токтотулганын билдирди. Анын айтымында, буга Кыргызстан жолду куруп жаткан кытайлык «Лонг Хай» курулуш компаниясына карыз болуп калганы себеп болгон.

Исаков Балыкчы — Корумду жолун салуу жагдайы тууралуу 29-ноябрда парламенттин жыйынында сөз сүйлөдү.

«“Лонг Хай” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бирок, быйыл бул долбоорго каражат каралган жок. Учурда иш токтотулду. Бирок келечекте ал кайра жанданышы керек. Кийинки жылы каражат табууга аракет кылабыз. Бирок азырынча жалданган ишканага карыз болуп турабыз», — деди ал.

Депутаттардын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстандын трассаларына асфальт төшөгөн куруучулар айлык акысын ала албай жатышат.

Балыкчы — Корумду жолунун курулушу 2015-жылдын ноябрында башталган.

Трассанын узундугу 104 километр жана ал Ысык-Көлдүн бүткүл түндүк жээгин камтыйт. Жолду реконструкциялоо Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталышына, 2016-жылдын сентябрь айына пландалган. Бирок, өкмөттүн каражатынын жоктугунан ал ушул маалга чейин бүткөрүлө элек.

2016-жылдын апрелинде өкмөттү жетектеп турган Сооронбай Жээнбеков курулуш ишине каражат «Мегаком» компаниясынын сатылгандагы кирешесинен бөлүнөт деп билдирген. Бирок компания азырга чейин сатыла элек.  

Жээнбеков ошондой эле жалданма компания менен келишимди жокко чыгаруу мамлекетке 2,5 млрд сом чыгып алып келерин кошумчалаган.

Чырлуу тендер

Өкмөт Балыкчы — Корумду жолун курууга тендерди 2015-жылы жарыялаган. 6,8 млрд сомдук тендерди ошол учурда лицензиясы жок «Лонг Хай» кытай компаниясы утуп алган.

Лизенциянын жоктугу өкмөттөгү мекемелер аралык иликтөөлөргө негиз болуп, курулушка байланыштуу башка да мыйзам бузуулардын ачылышына өбөлгө түзгөн.

Мыйзам бузууларды иликтөө иштеринин фонунда Транспорт министри Аргынбек Малабаев менен өкмөт башчы Темир Сариевдин кайым айтышуусу жаралган.  

Сариев мыйзам бузуучулуктун себебин Траспорт министрлигинин шалаакылыгы деп белгилеп, Малабаевди жумуштан алууну сунуштаган.

Малабаев өз учурунда Сариевди «Лонг Хай» компаниясынын кызыкчылыктарын сүрөп жатат деп айыптаган.

Бул чырдын арты менен Темир Сариев отставкага кеткен. Көп өтпөй Транспорт министри Малабаев да кызматынан четтеген.