Чубак Жалилов милицияда суракка алынды

Мурдагы муфтийдин адвокаты билдиргендей, Чубак ажы Жалиловду Бишкек ШИИБде алты сааттай суракка алышкан. Ноябрдын аягында Жалилов экинчи аял алганы жөнүндө билдирип, эркектерди да ошого үндөгөн. Ошондон кийин укук коргоочулар прокуратурадан Жалиловдун айткандарына укуктук баа берүүнү суранышкан.

Жалиловдун адвокаты Акин Токталиев билдиргендей, диний ишмерди 2-декабрда Бишкек ШИИБде суракка алышкан.

Токталиевдин айтымында, сурак саат 9:00дөн 15:00гө чейин созулган. Дин аалымы сурак боюнча журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартууда.

Бишкек ШИИБинен дагы «Клооптун» кабарчысына комментарий беришкен жок.

Жалилов ноябрдын аягында экинчи аял алганы жөнүндө билдирип, жолун жолдоочуларды дагы көп аялдуулукка үндөгөн соң укук коргоочулар менен парламенттин депутаттары прокуратурадан диниятчынын айткандарына укуктук баа берүүнү суранышкан.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, көп аялдуулук үчүн эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Жооп иретинде мурдагы муфтий өзүнө каршы сотко бере ала турган адам — бул анын биринчи аялы экенин айткан. Дин аалымы ага каршы сотко бергендер кудайдын алдында жооп беришет деп эсептейт.

Диний ишмер көп аялдуулуктан мыйзам бузууларды көргөн эмес жана «буга туура карап», көп аялдуулар ыраазы болуулары керек деп эсептейт.

«Мен [аялдары көп] аткаминерлерди санап бере алам. Алар салттарды колдогон адамдар. Биз аларга ыраазы болушубуз керек. Жада калса бардыгына ордендерди беришибиз керек», — деген Жалилов.


ТЕМА БОЮНЧА: