Баланы ичке тепкен МККнын кызматкери жумуштан алынат

Сүрөт: Акипресс

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Дастан Догоев баланы ичке тепкен адам МККнын кызматкери экенин тастыктады. Догоев аны жумуштан кетирүүнү буйруду.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Дастан Догоев жерде жаткан баланы курсакка тепкен адам Сокулук райондук Мамлекеттик каттоо кызматынын начальнигинин орун басары экенин тастыктады. Догоевдин айтымында, ал кызматынан четтетилет.

«Биз анын жоопкерчилигин карап көрөбүз. Мен убада берем, ал мындан ары бизде иштебейт», — деди Дастан Догоев

Кичинекей баланы ичке тепкен адамды 2-декабрда кармашкан. Атасынан курсагына тепки жеген бала болгону эки жарым жашта.

Кармалганга каршы «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Баланын энеси жолдошун кое берүүнү суранган, бирок аны Октябрь райондук Убактылуу камоо жайынан чыгарышкан эмес.

«Баланын апасы арыз жауудан баш тартып, жолдошун кое берүүнү суранууда. Тергөө балага ырайымсыздык көрсөтүү фактысы боюнча териштирүүлөрдү улантууда», — деп билдиришти ШИИБден.

Октябрь райондук соту 4-декабрда кармалганды эч жакка кетпөө кол каты менен калтырууну же тергөө учурунда камоо чечимин кабыл алышы керек.

Бишкек мэриясынын алдындагы зомбулук жана ырайымсыз мамилелерден жабыркаган балдарга жардам берүү борбору жабыр тарткан балага укуктук жана психологиялык жардам көрсөтөт. Учурда бала медициналык кароодон өтүүдө.

Жерде жаткан кичинекей баланы 50 жаштагы адам ичке тээп жатканы тартылган видео 2-декабрда коомдук тармактарда пайда болгон. Видео Улан-2 кичи районунда тартылып алынган.

Балага ырайымсыз мамиле кылуу чуу жаратып, милиция окуяга көңүл бурган.