Жалал-Абад: Машина топтошкон мектеп окучуларын сүзүп, 14 жашар бала мерт болду

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусунун Кара-Чолок айлында жол жээгинде кетип бара жатышкан беш мектеп оокуучусун «Нива» үлгүсүндөгү машина сүзүп, натыйжада  бир өспүрүм набыт болуп, дагы бирөөнүн колу сынды. Айдоочу кырсык болгон жерден изин суутуп кеткен.

ИИМдин маалыматына ылайык, жол кырсыгы 3-декабрда Жалал-Абад облусунун Кара-Чолок айлында катталган.

Милициядан билдиришкендей, «Ниванын» айдоочусу тактала элек себептерден улам өспүрүмдөрдүн тарабына «буруп», аларды сүзүп салган учурда 9-класстын беш окуучусу мончого кетип бара жатышкан.

Жол кырсыгынын натыйжасында 14 жаштагы өспүрүм каза болуп, дагы бир баланын колу сынганы аныкталган. Башка окуучулар машинадан ары секирип кетүүгө үлгүрүшкөн.

«Айдоочу машинаны өз үйүнүн короосуна катып, изин жашырып кеткен, ал издөөдө», — деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан.  

Милиция айдоочунун өздүгүн тактады, ал коңшу Таран-Базар айлынын тургуну болуп чыккан.


ТЕМА БОЮНЧА: