Акыйкатчы балдарга карата жасалган зомбулук үчүн жазаларды күчөтүүнү сунуштоодо

Акыйкатчынын инстутуту жашы жете электерге карата жасалган сексуалдык зомбулук үчүн Кылмыш-Жаза кодексине жазаларды күчөтө турган өзгөртүүлөрдү сунуштады. Демилге парламенттин кароосуна жөнөтүлдү.

Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин айтымында, учурдагы мыйзамдар боюнча («16 жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо») жашы жете электерге карата сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө шектелгендер үчүн жазанын максималдуу мөөнөтү үч жылды түзөт.

«Бала жабырлануучу болуп эсептелгенине карабастан, алардын жакындары кылмышкерлер менен келишим түзүшүп, кылмыш иштери токтоп калып жатат. Ошого байланыштуу биз Кылмыш-Жаза кодексинин тийиштүү беренелери боюнча жазаларды күчөтүүнү демилгеледик», — деди Оторбаев 8-декабрда өткөн басма сөз жыйында.

Акыйкатчы жашы жете электерге байлашыштуу токтотулган кылмыш иштеринин жарымы балдарга карата жасалган сексуалдык зомбулукка тийиштүү деп билдирүүдө.

Кубат Оторбаев сунуштаган өзгөртүүлөр 20-декабрда коомдук талкууга чыгарылат.

Балдарга карата көрсөтүлгөн сексуалдык зомбулуктардын кылмышкерлерин жазага тартуу чараларын күчөтүүнү 2013-жылы депуттар Дастан Бекешев менен Турсунбай Бакир уулу сунушташкан. Алар сексуалдык кызыгууну төмөндөтө турган гормоналдык препараттарды колдонууну шарттаган «Бачабаздарды химиялык бычуу» жөнүндө мыйзам добоорун демилгелешкен.

Кылмышкер узак мөөнөткө чейин биринчи абакта, андан соң эркиндикте дары-дармек каражаттарын колдонушу керек болчу.

Үстүбүздөгү жылдын жайкы мезгилдеринде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ал коюлган максаттарга жете албайт деп эсептеп, мыйзам долбоорун кабыл албай койгон.

Алмазбек Атамбаев 2015-жылы «бачабаздарды» механикалык бычууну колдой турганын билдирген, бирок Саламаттык сактоо министрлиги мындай чара көрүүнү «туура эмес» деп атаган.

Саламаттык сактоо министрлигинен балдарды зордуктагандар үчүн жаза аткаруу мөөнөтүн 20 жылга көбөйтүүнү сунушташкан.


ТЕМА БОЮНЧА: