Ош: Милиция окуучу кыз менен «жыныстык катнашка барган» деп 17 жаштагы баланы кармады

Ош облустук милициясы мектеп окуучусу менен «жыныстык катнашка барган» деген шек менен 17 жаштагы баланы кармады. 10-класстын окуучусу 5-декабрда ара төрөп, ымыркай чарчап калган.

Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев «Клоопко» курган маегинде билдиргендей, окуучу кыздын көрсөтмөсүнүн негизинде шектүү катары анын 17 жаштагы айылдашы кармалган.

«Шектүү деп 2000-жылкы жаран кармалды. Шектүү жаран Ноокат районун убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды», — деди Ашибраев.

Кармалга жигитке каршы «Он алты жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Бул беренеге ылайык, айыпталуучу үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

10-класстын окуучусун алты айлык боюнда бар кезинде төрөт эрте башталгандыктан Ноокат райондук ооруканасына алып келишип, бирок бала чарчап калган.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, кыз апасы, чоң энеси жана чоң атасы менен жашайт. Кыздын атасы эки жылдан бери Орусияда иштейт.

Мектептегилер октябрь айында медициналык кароодон өткөргөндүгүнө карабай окуучунун кош бойлуу экендигин билишкен эмес.

«Ал жалаң беш жана төрт деген бааларга окуйт. Мектептин окуудан сырткаркы иштерине активдүү катышат. Эч качан сабакты калтырбаган окуучу. 30-ноябрь жана 1-декабрда гана мектепке келген эмес. Апасынын айтымында, ал өзүн жаман сезип жаткан. Бирок ошондон кийин ал адаттагыдай эле сабактарга катышып жүргөн», — дешет анын мугалимдери.

2017-жылдын сентябрында Таласта 7-класстын окуучу төрөп, ымыркайдын атасына жашы жете элек кызды азгыруу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Октябрь айында Чүй облусунда ушундай эле окуя катталып, анда 7-класстын окуучусунун баласынын атасына дагы кылмыш иши козголгон.

Балдардын укугун коргоо лигасынын маалыматы боюнча, 2017-жылы Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн кош бойлуулугу боюнча 900 учур катталган.

Иллюстративдүү сүрөт


ТЕМА БОЮНЧА: