Ош: Аэропорт аба ырайына байланыштуу эки каттамды токтотту

Ош эл аралык аэропортунда Бишкек — Ош каттамы боюнча эки рейс аба ырайына байланыштуу токтотулду. Учурда Москва — Ош, Үрүмчү — Ош каттамдары да кармалып турат.

Эл аралык «Ош» аэропортунун басма сөз кызматынан «Клооптун» кабарчысына билдиришкендей, каттамдар көрүү мүмкүнчүлүгү начар болгондуктан улам токтотулган.    

«Ошто эртең мененки тумандан улам "Эйр Манас" авиакомнаясынын эки Бишкек — Ош каттамы токтотулду. Учурда жол тилкеси дээрлик көрүнбөйт. Эгерде көрүнүш жакшырбай турган болсо башка каттамдар дагы токтотулушу мүмкүн. Азырынча так айта албайбыз. Негизи түшкө чейин туман тарап кетет», — деди басма сөз катчы Алия Курбанова.

Ошондой эле, "Эйр Манас" авикомпаниясынын өкүлү Урмат Абдразаков дагы компаниянын эртең мененки каттамы Оштогу абанын начар шарттарынан улам токтотулганын тастыктады.

«Ош аэропортундагы рейстер убактылуу токтотулду. Биздин авиакомпаниянын эртең мененки каттамы да учкан жок», — деди Абдразаков.

Буга чейин дагы Ош аэропортунда аба ырайынын начар шарттарына байланыштуу үч учур катталган.

«Авиа Трафик» компаниясынын учагы 2015-жылдын ноябрында конуу тилкесинен чыгып кетип, анын биринчи кыймылдаткычы жана бир шассиси сынган.

Ошондогу Транспорт жана коммуникация министри Арганбек Малабаев учак биринчи айлампада коюу тумандан улам тилкеге тийип кеткендигин айткан. Жыйынтыгында, биринчи кыймылдаткыч токтоп, гидросистемасы да иштен чыккан.

Ал эми экинчи айлампада учак токтоно албай, тилкеден чыгып кеткен. Бул кырсыкта боюнча бир келин гана жабыр тартып, баш мээси чайкалган.

2015-жылдын март айында «Эйр Манас» компаниясынын учагы катуу жааган кардан улам учуу-конуу тилкесинен четтеп кетип, эч ким жабыркаган эмес.

2011-жылдын аягында «Кыргызстан» авиакомпаниясынын учагы катуу конуудан улам жабыркап, учактын шассиси, канаты жулунуп кеткен. Ал эми кеме өзү учуу-конуу тилкесинен чыгып кеткендиктен тоголонуп кетип, өрт чыгып кеткен.

Натыйжада 26 алты адам жаракат алып, курмандыктар болгон эмес. Ошол кезде дагы кырсыктын себеби туман болгону айтылган.