Азим Азимов: Элестүү президент

Бул колонканын түп нускасы Азим Азимовдун жеке Telegram каналында орус тилинде жарык көргөн. Ага бул жерден жазылсаңыз болот.

Бир адамдын бутун кесип салышып, операциядан кийин анын жок болгон буту дагы эле ооруп аткандай туюла берген учурлар бар. Мындай нерсени элестүү оору деп атап коюшат.

Азыр менин аң сезимимде элестүү президент жашап жатат.

Кээде саясат жөнүндө сөз болуп калганда «президент» деген сөздү колдонуу менен Алмазбек Атамбаевди элестетем. Анан ошол эле жерде түшүнүксүз оңтойсуздук менен кеп, албетте, мурдагы өлкө башчысы тууралуу болуп атканын айтып, өзүмдү өзүм оңдоп коём.

Сооронбай Жээнбеков — биздин президент. Ушул ойго көнүш үчүн бир аз убакыт бергиле. Жакында эле үйлөнүп, жубайымдын ата-энесин дароо эле ата, апа деп айтышым керек болгондой.

Алмазбек Шаршенович дагы отко май тамызып жатат. Инаугурацияда Жээнбековду атайылап «Соке досум» деп атоо менен өзүнүн мураскеринин макамын ачык эле белгиледи. Эми жаңы президент өлкөдөгү таксисттерден депутаттарга чейин, бардыгы үчүн Сооронбай Шарипович дагы эмес, президент мырза да эмес, болгону жөн гана «Соке».

«Соке» деген бул президенттик деңгээл эмес экенин түшүндүргөнгө кажет барбы.

Бирок андан кийин күтүлбөгөн кызыктуу окуя болот. Жаңы президент Минскке учуп барып, коңшу өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолугушат. Сүрөттөрдү көрүп олтурсаң таң каласың. Соке жарашыктуу, узун — бою дээрлик Лукашенко менен тең экен. Костюму дагы жакшы отурат экен. Казак чек арасындагы көйгөйдү чечти. Путин жана Назарбаев менен деле Алмазбек Шаршеновичтин ортомчулугусуз эле сүйлөшө алат экен.

Чынында Атамбаевдин коюу көлөкөсүнөн кайда качмак эле?

Сооронбай Шарипович өзүнүн аппаратын дагы өз алдынча дайындай албай атканы белгилүү. Же болбосо жеке сакчысын. УКМК менен башкы прокуратура жөнүндө ооз ачпай эле коёюн. Соке, кудай көрсөтпөсүн, президент Жээнбеков болуп тез эле өсүп кетпесин деп жаңы президентке эски президенттин кадрларын жабыштырып атышат.

Советтик адамдар жаңы жылдык балатыны мартка чейин үйлөрүнөн алып чыгып ыргыта алышпайт. Мына, дубалдан Атамбаевдин портретин алып таштап, анын ордуна Сооронбай Жээнбековдун сүрөтүн илип коюуга биринчи кимдин колу барат?

Азыркы күнгө чейин көпчүлүгүнүн жумуш бөлмөлөрүн [...] ак чачтуу кишинин сүрөтү кооздоп турганын угам.

Бирок жаңы лидерлерди кабыл алуу символикалык иш чаралар аркылуу ишке ашат. Эң жакынкы шылтоо — жаңы жылдык кайрылуу. 31-декабрда качан Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосун уккандан кийин бир президент алмашканын жакшыраак сезип калабыз.

Албетте, кокустан эле Алмазбек Шаршенович кармана албай, мурдагы адатына салып Кыргызстандын элин куттуктап ийгиси келип, ойго келбеген нерсе болуп кетпесе. Бул чын эле кызыктуу болот. Анан кичине кайгылуу болот.