Ниязов: Атамбаев КСДПнын башчылык кызматына жалгыз талапкер

Президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов

Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов билдиргендей, Кыргызстан социал-демократтар партиясынын лидери тандала турган курултай болжолдуу январдын аягында өтөт. Анын айтымында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев партиянын башчылык кызматына жалгыз талапкер.

Маалымат саат 17:50дө жаңыртылды.

Ниязов «Азаттык» үналгысына курган маегинде КСДПнын башчылык кызматына бир эле талапкер чыгарылганын жана ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаев экенин билдирди.

«КСДПда башка талапкер жок. Талапкерлердин саны чектелбейт, бирок партиялаштардын ою бир — ал Алмазбек Атамбаев. Башка ой жок», — деди ал.

Ниязовдун айтымында, КСДПнын курултайы январдын аягында өтүшү мүмкүн.

«Ооба, башында Алмазбек Шаршенович (Атамбаев) болжолдуу декабрдын ортосу жөнүндө айткан. Бирок кийинчерээк өзү январдын аягына пландоону сунуштаган», — деди ал.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 20-ноябрда берген өзүнүн акыркы басма сөз жыйынында КСДП партиясын ыктымал жетектөө планы бар экенин жана парламенттин депутаттыгына ат салыша тургандыгын айткан.

«Мен парламенттик шайлоого КСДПны даярдайм. Мүмкүн номур биринчи болуп өзүм дагы барышым мүмкүн», — деп билдирген ал.

Атамбаев КСДПны 1994-жылдан тартып ал катоого алынгандан бери жетектеп келет. Бирок 2011-жылы президент болуп калгандан кийин саясий биримдиктин төрагалык кызматынан кеткен.

Алмазбек Атамбаевдин президенттиги учурунда партиянын лидерлик кызматын эч ким ээлеген эмес. Ар кандай учурларда КСДПны парламенттин мурдагы спикери Чыныбай Турсунбеков менен Фарид Ниязов жетектеп турушкан.

Бийликчил партиянын депутаттары 120 эл өкүлүн түзгөн Жогорку Кеңеште 38 орунду ээлешет.


ТЕМА БОЮНЧА: