Мамветинспекция: Кара-Балтадагы каргалар ачкадан өлүшкөн

Сүрөт: Turmush

Ветеринардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция билдиргендей, Кара-Балтадагы каргалардын өлүмүнө ачкачылык себеп болгон. Эксперттер канаттуулардын канында ууландырган заттар менен вирустарды табышкан эмес.

Ветеринардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз катчысы Рахат Садырбеков «Клоопко» курган маегинде билдиргендей, канаттулардын канында вирустар же ууландырган заттар табылган эмес.

«Алардын ичинде эч нерсе болгон эмес. Биздин адистердин бүтүмү мындай болгон: алар ачкадан өлүшкөн», — деди Садырбеков.

Кара-Балтанын тургундары шаардын көчөлөрүндө өлүп калган канаттууларды 6-декабрда байкап калышкан. Анда Кара-Балта шаары боюнча Мамэкотехинспекция башкармалыгынын начальниги Манас Карабаев «Клооптун» кабарчысына курган маегинде канаттуулар аба температурасынын төмөн болушунан өлүп калуулары мүмкүндүгүн билдирген.

Ошондой эле, каргалардын өлүмү Казакстан менен чектеш Кант шаарындагы Чалдыбар айлында катталган. Бирок аталган мекеменин адистери каргалар эмне себептен өлүп жаткандыгын иликтешкен эмес.

Эколог Эмил Шүкүров каргалардын өлүмүн «болушу мүмкүн эмес» деп атады. Анын айтымында, эгерде каргалар ачка болуп жатышкан болсо башка жерлерге «учуп» кетишмек.

«Эгерде кар терең болсо анда болушу мүмкүн. Айрым учурларда кардын тереңдигинен улам алар өздөрүнө жем таппай калышат. Эгерде бул жерлерде эч нерсе жок болгон болсо алар жөн гана башка жактарга учуп кетишмек. […] Мен бул баарынан да уулангандыктан болду деп ойлойм. Эгерде алар тереңирээк изилдөө жүргүзүшкөн болсо, мисалы, булчуңдарды текшеришмек», — деди Шүкүров.

Шүкүров мурда деле каргалар уулангандан улам өлүшү мүмкүн болгон деген пикирди карманган.


ТЕМА БОЮНЧА: