Бишкек: Свердлов ИИБнин жетекчилигине карата иликтөө башталды

ИИМдин жумушчу комиссиясы Свердлов райондук ИИБнин жетекчилиги менен кызматкерлеринин ишин иликтөөнү баштады. Шаар тургундары милиционерлер алардын арыздарын кабыл алуудан жана иликтөө жүргүзүүдөн баш тартып жаткандыктарына бир нече жолу арызданышкан.

Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Свердлов райондук ИИБнин жумушчулары менен жетекчилигине карата кызматтык иликтөөнү башташкан.

Иликтөө учурда укук бузуулардын фактылары болгонуна карабастан жарандарга «кылмыштардын бетин ачууга негизсиз баш тартышкан» 500дөн ашуун учурду аныкташкан.

Ошондой эле, текшерүү милиция кызматкерлери арыздарды каттап, андан соң иликтөө жүргүзбөстөн эле аларды архивге кетиришкен 40дан ашуун учурду аныктаган.

Милиция буга чейин көмөк көрсөтүүгө негизсиз баш тартылган жарандардын бардык кайрылуулары боюнча кайрадан тергөө амалдарын баштады.

Свердлов ИИБдеги текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча материалдар юридикалык баа берилиши үчүн башкы прокуратурага өткөрүлүп берилет. Мекеменин жетекчилиги менен кызматкерлерге карата тартип чаралары көрүлөт.


ТЕМА БОЮНЧА: