Бишкек-Ош жолу кар көчкү коркунучунан бир күнгө жабылды

Иллюстративдик сүрөт

Ашуулардагы кардын калыңдыгы 1 метрге жетип, кар көчкү коркунучу жаралганына байланыштуу Бишкек-Ош автожолу бир суткага жабылды.

Бишкек-Ош жолундагы 80-209-чакырымында жааган кардын калыңдыгы бир метрге жеткендиктен, айдоочулардын коопсуздугу үчүн 27-декабрь күнү саат 10:00дө жол кыймылы токтотулган.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынан «Клоопко» маалымдагандай, 26-декабрдан 27-декабрга караган түнү ашууларга түшкөн кардан улам аталган жолдо көчкү коркунучу жаралып жатат.

«Бул кырдаалда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Айдоочулардын коопсуздугу үчүн жол кыймылы бир суткага токтотулду. Унаалар да жолду тазалоо иштерине жолтоо болууда», — деп билдиришти министрликтен.

Учурда жолдо алты кар тазалоочу техника иштеп жатат. Жол кыймылы 28-декабрда түшкө чейин калыбына келтирилет.

Мамлекеттик мекемеден кабарлашкандай, эгерде жолдор кардан толук тазаланбаса, жеңил жана жүк ташуучу унаалардын кыймылына жаңыдан жадыбал белгиленет.