Депутаттар Орто-Токой суу сактагычын Кыргызстандын башкаруусунда калтырышты (бирок сууну Өзбекстан колдонот)

Парламентарийлер үчүнчү окууда Жалал-Абад облусундагы Орто-Токой суу сактагычын Кыргызстан башкара турган Өзбекстан менен болгон келишимди жактырышты. Бирок сууну өзбек тарап колдоно турган болду.

Парламенттин депутаттары келишимди 28-декабрда үчүнчү окууда кабыл алышты.

Эми келишимге президент Сооронбай Жээнбеков кол коюшу керек, андан соң аны өзбек тарап ратификация кылышы керек.

Документке ылайык, кыргыз тараптын суу сактагычты кайтаруу жана көзөмөлдө укугу сакталат. Бирок суунун дээрлик бардыгын өзбек тарап колдонот.

Өзбекстан объектти эксплуатациялоого кеткен чыгымдарды жарым-жартылай төлөп турат — бул кызматкерлердин маянасы, оңдоо иштери жана жабдыктарды алмаштыруу.

Суу сактагычты колдонуу боюнча келишимге Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 6-октябрда Ташкенде кол коюшкан.

Орто-Токой (Касансай) суу сактагычы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан. Ал Советтер союзу учурунда жерлерди сугаруу үчүн Өзбек ССРи тарабынан каржыланып курулган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы араздашуулар

Советтер Союзу тарагандан кийин Өзбекстан Кыргызстандын аймагында жайгашкан суу сактагычты пайдаланууну уланткан.

Кыргызстан өкмөтү Өзбекстандан объектти пайдалангандыгы үчүн акы төлөп туруу керектигин талап кылган, бирок өзбек тарап акы төлөөдөн баш тарткан, анткени ал Өзбек ССРнин каражатына курулган.

2016-жылдын аралыгында кыргыз жана өзбек бийлигинин ортосунда суу сактагычтын айланасындагы талаштар боюнча эки курч кырдаал жаралган.

2016-жылдын жаз айларында Өзбекстандын бийлиги себебин түшүндүрбөстөн эле кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу жерге аскерлер менен БТРди жана эки КамАЗды киргизген. Кыргызстан дагы ошондой эле аракеттер менен жооп берген.

Экинчи курч кырдаал 2016-жылдын август айында болду. Кыргыз милициясы 13-августта Ала-Букадагы чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн Өзбекстандын милиция кызматкерин колго түшүргөн.


ТЕМА БОЮНЧА: