Камоо жылы. 2017-жылы саясатчылардын кимиси соттолду?

Узап бараткан 2017-жыл учурдагы депутаттар менен саясатчыларга каршы көптөгөн кылмыш иштери менен эсте калды. Алардын эң эле белгилүүсү — башкы оппозициячыл Өмүрбек Текебаев менен анын тарапкерлерине карата соттор болду. Дагы кайсы саясатчылар соттолду?

Мазмуну:


Өмүрбек Текебаев,

«Ата Мекендин» мурдагы депутаты.

«Мегаком» байланыш операторун башкарууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн 1 млн доллар өлчөмүндө пара алуу боюнча 8 жылга эркинен ажыратылган (мунапыс боюнча 4,5 жыл отурат)

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2017-жылы 16-августта оппозиционер Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун мүлктөрүн мамлекеттин эсебине өткөрүү менен сегиз жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Кийинчерээк сот мунапыс боюнча саясатчылардын жаза өтөө мөөнөтүн 4,5 жылга чейин кыскарткан.

Саясатчылардын иши боюнча процесс февралдын аягында Текебаев камакка алындан бери жарым жылга созулду.

Текебаев менен Чотоновду «Мегаком» байланыш опрераторун башкарууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар өлчөмүндө пара алуу боюнча күнөөлүү деп табышкан.

Маевскийдин айтымында, келишим 2010-жылы болгон — ал учурда Текебаев 2010-жылдагы революциядан кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары, андан соң парламенттин депутаты болуп турган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Чотонов бул келишимде ортомчу болгон.

Эки саясатчы тең кылмыш иши «саясий мүнөздүү» деп эсептешип, өкүмдү даттанышкан. Бирок Бишкек шаардык соту менен Жогорку сот биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырышкан. Натыйжада Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Текебаевди депутаттык мандаттан ажыраткан.

Саясатчылардын адвокаттары билдиришкендей, Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча комитетине арыз беришет.

Оппозициячыл саясатчыны Кыргызстандын бийлигинин жана учурда мурдагы президент макамына ээ болуп калган Алмазбек Атамбаевдин дарегине айтылган сын-пикирлеринин шартында камакка алышкан — Текебаев Атамбаевдин 2016-жылы президенттик кызматта турган кезинде Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушуна каршы чыккан.

Текебаевдин «Ата Мекен» партиясындагы тарапташтары дагы өлкөнүн башкы мыйзамындагы өзгөртүүлөргө каршы чыгышкан. Оппозиция менен укук коргоочулардын нааразылыктарына карабастан Конституцияга өзгөртүүлөр 2016-жылдын декабрында кабыл алынган.

Ошондон кийин Текебаев Атамбаевдин демилгелерин мындан да жигердүү сынга ала баштап, президенттин мүлкү боюнча маалыматтарды ачыкка чыгарган. Камакка алынганга чейин Текебаев президентке импичмент жарыялоо процедурасын баштай тургандыгы жөнүндө билдирген.


Аида Салянова,

«Ата Мекендин» депутаты.

Максим Бакиевдин мурдагы санаалашынын адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып бергени үчүн беш жылга эркинен ажыратылган (өкүм 2029-жылы күчүнө кирет)

Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы октябрда депутат жана Текебаевдин тарапташы Аида Салянованы мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен беш жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Бирок өкүмдүн аткарылышын 2029-жылга чейин жылдырышкан, анткени Салянованын жашы жете элек кызы бар. Сот андан эч жакка кетпөө тууралуу тил катын жаздырып алган.

Салянованы юстиция министри болуп турганда кулатылган президент Курманбек Бакиевдин баласы — Максимдин мурдагы жактоочусу Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деп күнөөлүү табышкан.

Елисеевге «ыйгарым укуктарынан кыянат пайдалануу» үчүн Кыргызстанда алты жылга сыртынан эркинен ажыратуу өкүмү чыккан. Юрист 2010-жылдагы апрель ыңкылабынын жүрүшүндө, Бакиевдердин режими кулатылгандан кийин, Кыргызстандан чыгып кеткен.

Ал эми Салянова ишти мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен байланыштуу «саясий буйрук» деп атаган. Ал өкүмдү даттанган жана учурда ишти Бишкек шаардык соту карап жатат.

Салянова деле Текебаев сыяктуу Атамбаевге карата сын-пикирлерди айтып чыккан. Алардын мамилеси 2015-жылдан баштап, ал башкы прокурор болуп турган кезде начарлай баштаган.

Ошол кезде, башкы прокурордун кызматынан кетип жатып ал Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) мыйзамсыз көмүр жеткирүү боюнча күйөөсүнө каршы кылмыш иши козголгон соң бийликти кысым көрсөтүү боюнча айыптаган.

Бир жылдан кийин 2016-жылы, оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынын депутаты болуп шайланган соң Салянова Атамбаевдин конституциялык реформасына каршы чыгып, өлкөдөгү белдүү оппозициячыл саясатчылардын бирине айланып калган.

Ошол эле жылы анын күйөөсү шарттуу түрдө жети жылга кесилип, ал эми Башкы прокуратура Салянованын өзүнө каршы кылмыш ишин козгогон.

Бир айдан соң Саляновага өкүм чыккандан кийин анын иниси Улан Саляновду белгисиз адамдар Макаров тапанчасы менен атып, өз үйүнөн өлтүрүп кетишкен. Тергөө азырынча бул иш боюнча шектүүлөрдү таба элек.


Алмамбет Шыкмаматов,

«Ата Мекендин» депутаты.

Жасалма тендер жана өзүнүн аялынын машинасын Эсеп палатасына сатканы үчүн беш миллион сом штраф салынган

Бишкектин Биринчи май райондук соту декабрда «Ата Мекен» фракциясынын оппозициячыл депутаты Алмамбет Шыкмаматовго ал 2011-жылы өзүнүн аялынын машинасын Эсеп апалатасына сатып жибергени үчүн беш миллион сом штраф салган.

Шыкмаматовду 2011-жылы Эсеп палатасына автоунааларды сатып алууга көз салган тендердик комиссиянын курамында болуп, «Барат Люкс» компаниясынын жеңишин жасалма камсыз кылып берген деп күнөөлүү табышкан.

Ошондой эле, тергөөчүлөр дагы Шыкмаматов тендердик өтүнмөгө өз аялынын автоунаасын да киргизип, аны 14 500 долларга саткан, автоунаа болсо орто эсеп менен 10 миң АКШ доллары турган деп билдиришүүдө.

Ал эми Шыкмаматов өз күнөөсүн мойнуна албай иш «саясий мүнөздүү» жана «ойдон токулган» деп билдирген. Шыкмамтовдун адвокаттары өкүмдү Бишкек шаардык сотунда даттанышат.

Депутат Текебаевдей эле Баш мыйзамга өзгөртүүлөр үчүн Атамбаевдин дарегине сын-пикрлерди айтып жүргөн. Ал Текебаев камакка алынгандан кийин «Ата Мекен» фракциясынын лидери болуп калган.


Райкан Төлөгөнов,

«Ата Мекен» партиясынын мурдагы депутаты.

2010-жылдагы ыңкылаптагы кийинки талоончулук үчүн 15 жылга эркинен ажыратылган

Бишкектин Биринчи май райондук соту октябрда мурдагы «ата мекенчи» Райкан Төлөгөновду талоончулук иши боюнча мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен 15 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесүү өкүмүн чыгарган.

Айыптоочу тараптын версиясы боюнча, Төлөгөнов 2010-жылы кеңселерди, турак үйлөрдү, анын ичинде бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнө таандык мүлкүн тоногон топко жетекчилик кылган.

Ушул эле айыптоолор боюнча Төлөгөновдун улуу баласы дагы күнөөлүү деп табылып, ага 13 жылга эркинен ажарытуу өкүмү чыккан, анын ичинен ал беш жыл жаза мөөнөтүн өтөп койгон.

Мурдагы депутаттын кичүү баласы Иса Төлөгөнов тергөө учурунда билдиргендей, атайын кызмат алар Текебаевге каршы көрсөтмө бериши үчүн атасы менен агасына кысым кылышкан.

Бирок УКМК Иса Төлөгөновдун билдирүүсүн тергөөнү «саясий нукка» буруп кетүү аракети деп атаган.


Садыр Жапаров,

«Ата-Журт» партиясынын мурдагы депутаты.

Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди 2013-жылы барымтага алуу үчүн 11,5 жылга эркинен ажыратылган

Биринчи май райондук соту августта «Ата-Журт» партиясынын мурдагы депутаты Садыр Жапаровду 11,5 жылга кескен. Аны 2013-жылы Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп турган Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу боюнча күнөөлүү деп табышкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Жапаров 2013-жылы Караколдо массалык башаламандыктарды уюштуруп, митингчилерге Каптагаевди барымтага алууга буйрук берген. Судья Каптагаев Жапаровго карата дооматтарынан баш тартканына жана бир нече жолу анын пайдасына көрсөтмө бергенине карабастан айыптоо өкүмүн чыгарган.

Жапаров сот чечимин «саясий буйрук» деп атаган. Каптагаев менен Жапаровдун адвокаттары райондук соттун өкүмүн жогорку инстнциядагы сотто даттанышкан. Бирок Бишкек шаардык соту өкүмдү күчүндө калтырган.

Атайын кызмат Жапаровду 25-мартта мурдагы депутат Казакстандан Кыргызстанга көрсөтмө берүү үчүн кайтып келе жаткан учурда колго түшүргөн. Ал УКМКга жеткирилип, ал жактан тергөө жүргүзүү убагында Тергөө изоляторуна (ТИЗО) которулган.

Саясатчы камакка алынганда Жапаровдун жүздөгөн тарапташтары УКМКнын имаратынын алдына аны бошотууну талап кылып чыгышкан.

Митинг милиция менен каршылык акциясына чыккандардын ортосунда тирешүү менен аяктаган. Токсонго жакын адамга штраф тагылган, ал эми Жапаровдун баласы менен кошо 11 тарапташын сот төрт жылдан сегиз жылга чейин шарттуу жана анык мөөнөткө кесүү өкүмүн чыгарган.


Карганбек Самаков,

«Ата Мекен» партиясынын мурдагы депутаты.

Айыл чарба жерлерин мыйзамсыз трасформациялоо үчүн 10 жылга эркинен ажыратылган (мунапыс боюнча үч жыл түрмөдө отурат)

Бишкектин Октябрь райондук соту декабрда мурдагы депутат жана мурдагы «ата мекенчи» Карганбек Самаковду 10 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган, бирок эки мунапысты эске алуу менен анын жаза мөөнөтүн үч жылга чейин кыскартышкан.

Кылмыш ишинин башка беш фигуранттарын мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен күчөтүлгөн тартиптеги абакка сегиз жылга кесүү өкүмү чыгарылган, бирок аларга мунапысты эске алуу менен мөөнөттөрүн беш жылга чейин кыскартышкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Самаков 2008-жылы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл өкмөттөрүнүн айыл чарба багытындагы жер тилкелерин калктуу конуштар категориясына мыйзамсыз трансформация кылган.

Мындан тышкары, тергөөнүн версиясы боюнча, алар транформация болгон жер тилкелерин кымбат баада сатышкан. Бул иште аларга кулатылган президент Курманбек Бакиев жана анын бир тууганы Жаныш Бакиев жардам беришкен. Өз кезегинде Бакиевдерди 10 жылга кесүү өкүмү чыгарылган.

Жерлерди трансформациялоо жөнүндө документке мурдагы биринчи вице-премьер-министр Искендер Айдаралиев жана мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов кол коюшкан. Алар мыйзамсыз токтом чыгаруу боюнча айыпталышып, ар бирине 5 млн сомдон айып пул салынган.

Айыпталгандардын бардыгы өздөрүнө тагылган күнөөлөрдү моюндарына алышпай, сот чечимин даттана тургандыктарын билдиришкен.


Саясатчыларга каршы аягына чыга элек кылмыш иштери


Өмүрбек Бабанов,

«Республика — Ата-Журттун» депутаты.

«Улуттар аралык кастыкты козутуу чакырыктары» үчүн кылмыш иши козголгон

Соттор азырынча Өмүрбек Бановго карата ишти караша элек, анткени ал тергөө баскычында.

Башкы прокуратура Бабановго карата кылмыш ишин ал президенттик шайлоодо өзүнүн башкы атаандашы жана бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековго утулуп калгандан кийин козгогон.

Шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин Бабанов бийликти административик ресурс колдонуу жана «кара пиар» боюнча айыптаган.

Тергөө Бабанов басымдуу бөлүгү этникалык өзбектер жашаган «Амир-Тимур» (мурдагы Он Адыр) кичи районундагы үгүт кампаниясынын учурунда «улуттар аралык кастыкты козутууга чакырган» деп эсептейт.

Башкы прокуратуранын дооматтарына Бабановдун төмөнкү сөздөрү себеп болгон: «Чөгөлөп жашаганча тике туруп өлгөн жакшы. Бардыгыңар бирге болсоңор, бирөөнүн уруп жатса, бардыгыңар чыксаңар эч ким силерге каршы тура албайт. Элди бул сел дейт, эл турганда бул сел болуп агызып кетет».

Тергөө анын айткан сөздөрү «улуттар аралык кастыкты козутууга, адамдарды баш ийбөөгө чагым кылууга жана учурдагы бийликти кулатууга» багытталган деп эсептейт.

Ал эми Бабанов өзү кылмыш ишин козгоону «ойлонуп табылган» жана «укук коргоо органдары тарабынан зомбулук» деп атаган.

Президенттик шайлоодон кийин Бабанов Москвага дарыланууга кетип, азырынча кай жакта экени белгисиз. Өлкөдөн тышкары жүргөн кезде ал өз эрки менен «Республика — Ата Журт» фракциясынын лидерлик ыйгарым укуктарын тапшырган, бирок ошол эле кезде парламенттин депутаты болуп калган.


Канатбек Исаев,

«Кыргызстандын» депутаты.

Кылмыш иши «бийликти күч менен басып алууга» даярдыктары жана мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз сатуу үчүн козголгон

«Кыргызстан» фракциясынын депутаты Канатбек Исаев сентябрдын аягында «бийликти күч менен басып алууну» даярдоого шектелип кармалган.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Исаев эгерде Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодо утулуп калса «массалык башаламандык уюштуруу үчүн кылмыштуу топтор менен сүйлөшүп алган».

Ал эми Бабанов өзү билдиргендей, Исаевди анын тарапташы болгону жана ага колдоо көрсөтүп жатканы үчүн кармашкан. Соттун чечими боюнча Исаев УКМКнын ТИЗОсуна 2018-жылдын январь айынын аягына чейин камалган.

Ошондой эле, бул иш боюнча Мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыгынын начальниги Рамис Жунушалиев, Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Деңиз Раимкулов жана жумушсуз Майрамбек Маткулов кармалган.

Исаев кармалгандан кийин анын бир тууганы — Талантбек Исаев — Ички иштер министрлигинине караштуу Башкы адистештирилген күзөт башкармалыгынын башчылык кызматынан кеткен.

Бул Канатбек Исаевге каршы биринчи эле кылмыш иши эмес — 2017-жылы апрелде прокуратура саясатчыга каршы коррупция, жасалма келишим түзүү жана мамлекетик мүлктү мыйзамсыз сатуу боюнча кылмыш иштерин жанданткан.

Бул иш боюнча айыптоочу тарап Исаевди мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен 20 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесүүнү суранууда.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Исаев Токмоктун мэри болуп турган кезде автостанция курууга жасалма тендер өткөрүп, 700 миң сомдон ашуун каражатка жасалма келишим түзгөн. Мындан тышкары, аны китепканын имаратын мыйзамсыз сатуу боюнча айыпташкан.

Саясатчы кылмыш ишин козгоого негиз жок деп билдирүү менен өзүнө тагылган айыптоолорду четке кагууда.

Канат Исаев «Кыргызстан» партиясынын лидери болгон, бирок ал Атамбаевдин Конституциялык түзөтүүлөрүнө макул болбой койгондон кийин 2016-жылы күзүндө бул кызматтан кеткен. Исаевдин ордуна «Кыргызстандын» башчысы болуп Алмазбек Баатырбеков шайланган.


Музаффар Исаков,

КСДПнын депутаты.

Кылмыш иши айыл чарба жерлерин мыйзамсыз сатуу үчүн козголгон

Башкы прокуратура бийликчил социал-демократтар партиясынан Музаффар Исаковго карата кылмыш ишин 2017-жылы февралда козгогон.

Депутатты райондук мамкаттоо жана архитектура башкармалыктарынын жетекчилери менен көмүскө келишимдерди түзгөн деп айыпташууда.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Исаков Жалал-Абад облусунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 2010-жылдан 2015-жылга чейин айыл чарба жерлерин үй салыш үчүн мыйзамсыз өткөрүп берип турган.

Башкы прокуратуранын билдиришинче, депутат жалпы 14,34 гектар жерди жеке турак-жай курууга өткөрүп берүү үчүн 315 мыйзамсыз токтом чыгарган.

Депутатка эч жакка кетпөө түрүндөгү баш коргоо чарасы чыгарылган.