Ош шаардык соту эки аскерди «адам өлтүрүү» боюнча күнөөлүү деп тапты

Иллюстративдик сүрөт. Виталий Белоусов/Спутник

Ош шаарынын соту куралдуу күчтөр түзүмүндө кызмат өтөгөн эки аскерди «адам өлтүрүү» боюнча күнөөлүү деп тапты. Алар шаар тургунун өлтүрүү боюнча айыпталып, 25 жылга чейин эркинен ажыратылды.

Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов «Клоопко» билдиргендей, шаардык сот 21-декабрда эки аскерди «адам өлтүрүү», «аскерден качуу», «автомобилди ээлеп алуу жана сатуу» беренелери боюнча күнөөлү деп тапты.

«Куралдуу күчтөрдө контракттык негизде кызмат өтөгөн 1995-жылы жана 1996-жылы туулган жарандар 2017-жылдын 5-августунда аскер бөлүгүнөн качышып, Ош шаарынын тургунун Араванга жеткирип коюуну суранышат. Жолдо айдоочуну муунтуп өлтүрүшөт. Машина менен Бишкекке чейин жетип, аны сатууга аракет кылышкан», — деди Осмонкулов.

Сот жоокерлердин бирин 22 жылга, экинчисин 25 жылга эркинен ажыратып, үй мүлктөрүн конфискациялады. Аскерлердин бири окуя болгондон кийин өз күнөөсүн мойнуна алып, командирине билдиргени үчүн ага азыраак мөөнөт берилген. Соттолгондорго жазасын күчтөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөө өкүмү чыгарылды.

Ошондой эле, сот өкүмүнө ылайык, 694 миң сомго жакын материалдык жана 1 млн сом моралдык зыян тарткандыгы үчүн жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнө жоокерлер биргелешип бул каражатты төлөп бериши керек.

Шаардык соттун өкүмүнө макул болбогон тараптар аны Ош облустук сотуна даттана алышат. Материал жарык көрөөр алдында соттолуучулардын адвокаттары менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.