Өмүрбек Бабанов саясаттан кетүүдө

«Республика» партиясынын лидери жана Жогорку Кеңештеги эл өкүлү Өмүрбек Бабанов депутаттык ыйгарым укуктарын тапшырып, саясаттан кетүүдө. Өзүнүн билдирүүсүндө ал Кыргызстандын бийлигинен тарапташтары менен өзүнө каршы саясий куугунтуктоолорду колдонбоону суранган.

Бабанов өзүнүн фэйсбуктагы барагында саясаттан кетип жатканын жана өлкөнү өзгөртүү максатын аягына чейин чыгара албай калганына өкүнөөрүн билдирген.

«Элимдин көпчүлүгүнүн добушуна ээ болбой калсам, мен саясаттан кетем деп президенттик шайлоого чейин өз командамдын алдында сөз бергем. Кымбаттуу кыргызстандыктарым, жогоруда белгиленген шарттарга ылайык, мен саясаттан, анын ичинде партиялык ишмердиктен, толук бойдон кетип жатканымды жарыялайм. Мындай чечим мен үчүн жеңил болгон жок, бирок, азыркы кырдаалда жападан-жалгыз туура чечим болду деп эсептейм», — деп айтылат кайрылууда.

Ошондой эле, президенттик шайлоонун мурдагы талапкери ага үмүт арткандардан кечирим сурап, «Республика» партиясы ишмердигин өз алдынча улантаарына ишенээрин билдирген.

«Менин командам жана колдоочуларым саясий куугунтуктун куралы катары колдонулбашын суранам. Эгер мен тараптан кандайдыр бир саясий ката кетсе, ал үчүн жеке өзүм жооптуумун», — деп жазган Бабанов кайрылуусунда.

Бабанов билдиргендей, ал өзүн ишкерликке арнап, кыргызстандыктарга жардам берип турат, бирок, саясаттан тышкары.

«Келечекте элибизге, Кыргызстаныбызга саясый кызыкчылыгым жок жардам көрсөтүү үчүн алдыма чоң максаттарды койдум. Алар — чет өлкөдөн инвестицияларды, алдыңкы дүйнөлүк технологияларды өлкөбүзгө тартып келүү, элибиздин социалдык жашоо абалын жакшыртуу, билим берүү тармагын өнүктүрүү жана кайрымдуулук көрсөтүү», — деп жыйынтыктаган ал.


ТЕМА БОЮНЧА: