Бишкек: Жаңы жылдык майрамдан кийин аянттан 10 тонна таштанды чыгарылды

«Тазалыктын» кызматкери «Ала-Тоо» аянты. Сүрөт: «Кабар»

«Тазалык» муниципиалдык ишканасы билдиргендей, Жаңы жылдык майрамдардан кийин Ала-Тоо аянтынан сегиз оор жүк ташуучу унаа таштанды чыгарылган. Аянтты тазалоого алты атайын техника менен 60 кызматкер тартылган.

«Тазалыктын» басма сөз катчысы Жибек Каракеева маалымдагандай, кызматкерлер аянтты тазалоого 1-январь күнү эртең менен чыгышкан. Калаа борборун алты атайын техника менен 60 кызматкер тазалашкан. Алар 10 тонна таштанды чогултуп, чыгарышкан.

«Бул жолкусун биз мурдагы жылга салыштырмалуу жарым саатка эрте бүттүк», — деди Каракеева.

Жалпысынан аянтка таштанды чогултуш үчүн 10 евроконтейнер жана чоң 8 желим урна орнотулган. Бирок бул жетиштүү болбой калып, эртең мененкиге чейин аянт таштандыга толуп калган.