«24.kg» прокурордун айдоочусу жол кырсыгына тиешеси бар экенин билдирди. Прокуратура бул маалыматты четке кагууда

Башкы прокуратура. Иллюстративдик сүрөт

«24.kg» басылмасы өзүнүн маалымат булактарына таянып билдиргендей, Бишкектин Биринчи май районунун прокурорунун айдоочусу жаңы жылдык каникул учурунда маршруттук таксини сүзүп алган. Прокуратурадан «мындай болгон эмес» деп билдирүүдө.

«24.kg» басылмасы билдиргендей, жол кырсыгы 1-январда болгон. Бишкектин Биринчи май районунун прокурору Гүлнара Акимбаеванын айдоочусу кызматтык машина менен маршруттук таксини сүзүп алган.

«Кызматтык унааны башкарып бараткан прокурордун айдоочусу, алдын ала маалыматтар боюнча, мас абалында маршруттук такси менен сүзүшкөн. Учурда кызматтык иликтөө жүрүп жатат», — деп билдирди басылма.

Маалымат агенттиги айдоочунун аты-жөнүн, жол кырсыгы болгон жерди ачыктаган эмес. Ошондой эле, басылма өзүнүн маалымат булагынын сөздөрүнөн тышкары окуяга далил боло турган башка маалыматтарды көрсөткөн эмес.

Жол кыймылынын коопсузудугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) өкүлү «Клооптун» кабарчысына азырынча бул окуя боюнча комментарий бере албасын айтып, муну басма сөз катчы «командировкада жүргөнү» менен түшүндүрдү.   

Ал эми ИИМдин басма сөз кызматынан маалымат алуу үчүн ЖКККББга кайрылууну сунушташты.

«24.kg» басылмасы ЖКККББга таянып билдиргендей, милиция бул окуя боюнча кабардар эмес.

Прокуров Акимбаеванын кабылдамасынан «Клооптун» журналистине «(прокурордун айдоочусу менен) мындай жол кырсыгы болгон эмес» деп билдиришип, телефонду өчүрүү менен кошумча суроолорго жооп берүүдөн баш тартышты.