Милиция өздөрүнүн кызматкери мас абалда жол кырсыгын жараткан же жаратпаганын текшерет

Активист Болот Ибрагимов Аламүдүн РИИБнин тергөөчүсү жол кырсыгын жаратышы мүмкүн болгон видео жарыялаган. Ибрагимов видеонун баяндамасында ал мас абалда болгонун божомолдогон. ИИМдин өздүк коопсуздук кызматы тергөөчүгө карата кызматтык иликтөө жүргүзүүдө.

Чүй ШИИБнин басма сөз катчысынын өкүлүнүн айтымында, жол кырсыгы 4-январь күнү катталган.

Активист Болот Ибрагимов жарыялаган видеодо милиция формасындагы адам машианын артындагы жүргүнчүлөр отура турган орундуктан чыгып жатканы чагылдырылган.

Пожалуй, это трагедия. Самая настоящая. После просмотра данного видео ком в горле, пустота. А что самое ужасное, я не удивлен вообще. Подумаешь, возможно пьяный следователь совершил ДТП и пытался скрыться. Что тут такого, правда? Как он сам сказал: "Это же кырсык!" Выговор? Штраф? Общественное порицание? Не смешите. Просто задумайтесь, что в руках этого человека были сотни судеб. Страшно представить, как он с ними всеми обходился. Что будет после публикации видео? Будет пустота, будут реформы... Я не знаю, как всё это описывать. Что еще говорить. Это наш конец света. И вы всерьез полагаете, что старые патрульные в новой форме в силах остановить этот ужас?

Публикация от Болот Ибрагимов (@bolotibragimov)

Ал машинанын рулунда болбогонун билдирген Аламүдүн РИИБнин тергөөчүсү Камчыбек уулу Төлөн болуп чыккан.

Видеонун баяндамасында Ибрагимов тергөөчү мас абалда болгонун божомолдогон. Видеонун автору тергөөчүдөн ал машинаны мас абалда айдаган же айдабаганын сураганда Камчыбек уулу мас абалда айдаган жокмун деп жооп берген.

ИИМдин басма сөз кызматынан «Клооптун» кабарчысына «ар тараптуу» иликтөөнүн жыйынтыгына таянышып, тергөөчү мас же мас эмес абалда болгондугу туурасында маалыматты тастыктап же төгүндөп беришкен жок.  

«ИИМдин өздүк коопсуздук кызматы тарабынан бул кызматкерге карата кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, бардык жагдайлар аныкталууда», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Ибрагимов жарыялаган видеолордо жол кырсыгында жабыркагандар болгон же болбогону түшүнүксүз.

Материал жарык көрөөр алдында Чүй ШИИБнин дагы, ИИМдин дагы басма сөз кызматтары жол кырсыгынан жабыргандар боюнча маалымат бере алышкан жок.