Новиков менен Кулматов сөгүш угушту. Алар ЕАЭБдин Бажы кодексинин күчүнө кирген мөөнөтүн туура эмес көрсөтүшкөн

Премьер-министр Сапар Исаков. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Премьр-министр Сапар Исаков Экономика министри Артем Новиков менен Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматовго сөгүш жарыялады. Аткаминерлер депутаттар жактырышкан мыйзам долбоорунда ЕАЭБдин Бажы кодексинин күчүнө кирген мөөнөтүн туура эмес көрсөтүп коюшкан.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Исаков аткаминерлерге 8-январда сөгүш жарыялаган.

Экономика министри Артем Новиков менен Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Куламатовго сөгүш, ал эми алардын орун басарларына катуу сөгүш жарыяланды. Ошондой эле, Исаков өкмөттүн ЕАЭБ боюнча иш аппарат бөлүмүнүн беш кызматкерин жумуштан алды.

«Бир нече сөгүш жарыялоолордон кийин кызматтан алуу түрүндөгү жазалар жана башка чаралар колдонулат. Сөгүштөр өздүк ишке киргизилип, өзүнүн салмагы болот», — деди премьер-министрдин басма сөз катчысы Урмат Кабылова «Клооптун» кабарчысына курган маегинде.  

Аткаминерлерге сөгүш жарыялоого 2017-жылдын 11-апрелинде кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун даярдоодо тапшырылган милдеттерин «талаптагыдай аткарбагандыктары» себеп болгон.

2017-жылдын 30-декабрында парламенттин депутаттары кезексиз жыйынга чогулушкан. Күн тартибинде болгону бир эле маселе, президент Жээнбековдун бул мыйзамга карата каршы пикири талкууланган.

ЕАЭБдин Бажы кодексин ратификациялоодо ал 15-январда күчүнө кирет деп көргөзүү менен ката кетирилгени аныкталган. Бирок ЕАЭБдин Бажы кодекси бардык бирликке кирген өлкөлөрдө 1-январда күчүнө кирген.

Депутаттар ката кетиргендерди жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан. Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев өкмөттө ката кетиришкенин мойнуна алып, эл өкүлдөрүнүн алдында кечирим сураган.