Жалал-Абад: «Фулл Голд Майнинг» банкрот коркунучунан улам 400 кызматкерди жумуштан бошотту

«Фулл Голд Майнинг» алтын өндрүүчү кытайлык компаниясынын вице-президенти Чи Шуань Тань билдиргендей, компания 400 кызматкерди жумуштан бошоткон, анткени ал банкрот болуп калуу коркунучунда турат. Компания тамак-ашка үстөктөрдү жана кесиптик тажрыйбасы үчүн кошумча акча төлөй албайт.

Чи Шуань Тань Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башчысы Уланбек Рыскулов менен жолугушуу учурунда жумуштан бошотулган кызматкерлер менен келишимдер 31-декабрда аяктаганын айтты.

Анын айтымында, жаңы эмгек келишимдеринде кызматкерлерге кесиптик тажрыйбасы менен тамак-ашка үстөк төлөмдөрдүн жоктугу, ошондой эле, компаниянын ай сайын үч миң сом өлчөмүндө берилип турган төлөмдөрдөн баш тартканы жакпай калган.

«Биздин компания иштей баштагандан бери чыгымдарга учурап келет. Биз кенге 200 миллион доллар салдык. Жумуш башталгандан бери маяналарды төлөгөнгө 958 миллион сом кетти. Кызматкерлер бизге абдан кымбатка турууда, ошондуктан биз келишимдин шарттарын өзгөртүүнү чечтик», — деп түшүндүрдү Шуань Тань.

«Фулл Голд Майнингдин» вице-президенти компания мындай шарттарга барууга аргасыз болгонун айтты, анткени ал банкрот болуу коркунучунда турат.

«Биз оор учурду бирге баштан кечирүү үчүн жардам сурайбыз. Компанияга салынган акчалар актала элек», — деди ал.

Рыскулов өз кезегинде компания жумушчулар менен мөөнөтсүз келишим түзүшү керек деп билдирди, себеп дегенде ал карьерди 20 жылга иштетүүгө алган.

Кыргызстандын Тоо-металлургиялык профсоюзунун өкүлү билдиргендей, компаниянын абалына түшүнүү менен мамиле кылышат. Алар жумушчулардын маяналарын көтөрбөй турушканы менен макул болушту, бирок кесиптик тажрыйбасы үчүн үстөктөрдү төлөө менен тамак-аштын төлөмдөрүн кыскартуу мыйзамга каршы келет.

Кытайлык компаниянын жетекчилиги 5-январда Ала-Бука районундагы Иштамберди кениндеги 400 кызматкерди бошоткон. Профсоюздун өкүлүнүн айтымында, дагы 200 адам аргасыз эмгек өргүүсүнө жөнөтүлүп, калгандарынын маяналары кыскартылган.

Ишканын кызматкерлери эгерде аларды мурдагы эмгек акы шарттары менен кайрадан жумушка алышпаса митингге чыгууну убада кылышууда.