Бала төрөлгөнү үчүн сүйүнчү январдын аягында бериле баштайт

Акча. Сүрөт: Табылды Кадырбеков/«Спутник»

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен бала төрөлгөнү үчүн бир жолку бериле турган акчалай жөлөкпүл сүйүнчүнүн төлөнө турган тартибин түшүндүрүштү. Январь ичи билдирме тапшыргандарга акчаны айдын аягында гана бере башташат.

Министрликтин басма сөз катчысы Кымбат Кадыралиева «Клоопко» курган маегинде балага бериле турган сүйүнчү расмий кайрылгандан кийин 10 күндүн ичинде белгиленет.

«Адамдар бүгүн баланы төрөшсө, эртең эле акчаны алса болот экен деп ойлоп атышат, бирок андай эмес. Жөлөкпул он күндүн ичинде берилип, андан кийин жалпы маалыматтык базага киргизилет. Бул кайталанган кайрылуунун алдын алуу үчүн жасалат. Каржылоо айдын аягында башталат. Ага убакыт керек», — деди Кадыралиева.

Анын айтымында, 4 миң сом өлчөмүндөгү сүйүнчүнү алууну каалагандар соцкызматкерлерге баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктү, жашаган жеринен аныктаманы жана паспортун бериши керек.

«Эгерде үч эгиз жарык дүйнөгө келсе, анда сиз ар бирине 4 миң сомдон, жалпы 12 миң сом алуу укугуңуз бар», — деди ал.

Кадыралиева сүйүнчүнү жылына бир жолу гана алганга болоорун кошумчалады.

«24.kg» басылмасы кабарлагандай, Жалал-Абадда социалдык коргоо кызматкерлери «жаңы мыйзам тууралуу билбей, документтерди кабыл албай койгондуктан улам» жолдошу сүйүнчү ала алган эмес.

Социалдык коргоо кызматынын Жалал-Абаддагы бөлүмүнүн өкүлү Айнура Асанова  соцкызматкерлер менен ал эркек кишинин ортосунда «түшүнбөстүк» болуп кеткенин «Клоопко» айтты.

Ымыркай төрөлгөнү үчүн сүйүнчү төлөп берүү жөнүндөгү мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген. Бир жолу төлөнө турган жөлөкпулдун өлчөмү 4 миң сомду түзөт, айрым тоолуу аймактарда 6 миң сомдон сүйүнчү берилет.