МКК жалпы жарандык биометрикалык паспортторду чыгара баштайт

Жаңы паспортторду басып чыгаруу үчүн жаңы жабдык. Сүрөт: МККнын басма сөз кызматы

Мамлекеттик каттоо кызматы (чет өлкөдө колдонулуучу) жалпы жарандык биометрикалык паспортторду чыгаруу үчүн жабдыктарды сатып алды. Жарандар жаңы паспортторду үстүбуздөгү жылы ала башташат.

МККнын басма сөз кызматынан «Клооптун» кабарчысына билдиришкендей, жаңы жалпы жарандык паспорттун баасы мамлекеттик «Инфоком» ишканасы жаңы бланктары сатып алууга тендер өткөргөндөн кийин белгилүү болот.  

Басма сөз кызматынын өкүлүнүн айтымында, биометрикалык паспорттор жарандардын чек ара аркылуу өтүүлөрүн жеңилдетет.

«Ал жакта жарандын жеке маалыматы, анын ичинде кол тагы камтылган чип орнотулат», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Жаңы жалпы жарандык биометрикалык паспорттун долбоору

Азырынча жарандар жаңы документи качан ала баштаары белгисиз, бирок мекемедегилер бардык процедуралар үстүбүздөгү жылдын аягына чейин бүтүшү керек экенин айтышты.

Документтерди чыгаруу үчүн жабдык БУУнун Кыргызстандагы өнүктүрүү программасынын жана жапон өкмөтүнүн колдоосу менен сатылып алынган. МККнын басма сөз кызматынан мындай жабдыктын баасы канча тураары белгисиз экенин айтышты, анткени аны грант аркылуу сатып алышкан.

МКК жабдык саатына 300 паспорт басып чыгара алаарын жана бул документ берүүнү тездете турганын кошумчалады.