Парламенттик комиссия Саламаттык сактоо министрлигин көптөгөн эреже буузуулар боюнча айыптады. Буга мекеме өзү кантип жооп берүүдө?

Иллюстративдик сүрөт. snowing/Freepik

Депутаттык комиссия Салаламаттык сактоо министрлигинин ишмердигин текшерип, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө «оор системалык эреже бузууларды», каржы отчётторунун айкынсыздыгын жана мыйзамсыз жумуштан бошотууларды аныктаган. Ал эми министрлик өзү «Клооптун» кабарчыларына айыптоолордун жарымына байланыштуу комментарий берди.

Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы 2017-жылдын ноябрь айынын ортосунан баштап декабрдын аягына чейин Саламаттык сактоо министрлигинин (ССМ) ишмердүүлүгүн текшерип, көптөгөн эреже бузууларды тапкан.

Комиссиянын отчётун ССМдин алдындагы коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү Айбар Султаналиев ачыктап, ал мекемеге сын айтууда депутаттардын тарабына кошулган.

70 барактан турган отчётко ылайык, ССМ мамлекеттик сатып алуулар менен кадр маселелеринде эреже бузууларга жол берген. «Клооп» отчётту изилдеп чыгып, министрликтин өзүнөн депутаттар тарабынан болуп жаткан айып тагууларга жооп берүүнү өтүндү.


Айыптоо: Министрлик бир нече жолу жогорулатылган баа боюнча дары-дармектерди сатып алып турган

Мисалы 2013-жылы министрлик гемодиализ үчүн чыгымдоо материалдарын сатып алууга тендер өткөргөн. Анын өлчөмү 2 млн евродон ашып кеткен. Бирок дары-дармектердин жалпы баасын 600 млн евродон ашырып жиберишкен.

Тендерде «Юнит-Реактив-Фарма» компаниясы жеңип чыккан. Бир жылдан кийин министрлик өнөкөт бөйрөк оорулары бар бейтаптарга жардам берүү үчүн ал компания менен 6,4 млн доллар өлчөмүндөгү каражатка дагы бир келишим түзгөн.

Депутаттар мамлекеттик сатып алуулар үчүн «белгилүү бир талапкер» «Юнит-Реактив-Фарма» компаниясы үчүн шарттар алдын ала даярдалган жана бул сүйлөшүп алууга алып келиши мүмкүн болгон деп эсептешүүдө.

ССМдин жообу: Баалар жогорулатылып, сүйлөшүп алуу болгон эмес

ССМ жогорулатылган баада дары-дармектерди сатып алган эмес. Ал доллар менен евронун сомго карата куну өсүп кеткендиги үчүн каралгандан дагы көп каражат сарптаган. Ошондой эле, министрлик «Юнит-Реактив-Фарма» компаниясы менен дары-дармектерди ташууга келишим түзгөн эмес.

Ал эми министр Талантбек Батыралиев өзүнө карата айыптоолор гемодиализ базарында атаандаштык чөйрөнү куруу боюнча ишмердигине байланыштуу — ал эми бул «ар кандай топтордун кызыкчылыктарына тоскоол болууда» деп эсептейт.

«Албетте, мындай кадам бул нерсе аркылуу бизнес куруп, препараттар менен кызмат көрсөтүүлөр аркылуу чоң акча тапкандарга жакпайт. [...] Мен бул жумушту баштадым, аны аягына чейин чыгарам жана ошондо тынчыраак кетем», — деди ал.


Айыптоо: Батыралиев маянасына мыйзамсыз үстөк төлөмдөрдү алып турган

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев 30 жылдан ашуун кесиптик тажрыйбасы үчүн маянасына 40 пайыздык үстөк төлөмдөрдү мыйзамсыз алып турган. Бул аракети менен ал мамлекетке 166 миң сомдон ашуун өлчөмдөгү зыян келтирген.

Депутаттык комиссия Эсеп палатасынын 2016-жылдагы текшерүүсүнө таянып ушундай бүтүм кылышкан.

Батыралиев кан тапшырып жатат. 2017-жылдын сентябры. Сүрөт: ССМдин басма сөз кызматы

ССМдин жообу: Батыралиев акчанын ордун тургузуп берди

Министр мекеменин кассасына 166 миң сом толтуруп берди.


Айыптоо: Министрлик дары-дармектерди сатып алуу боюнча тендердин шарттарын бузду

2017-жылдын апрелинде министрлик «Рекормон» препаратын сатып алууга тендер жарыялаган. Тендердин суммасы — 18 млн сомдон ашуун.

Тендердин шарттары боюнча, дары-дармектердин жарактуу мөөнөттөрү эки жылды түзүшү керек болчу. Иш жүзүндө сатылып алынган дары-дармектердин жарактуу мөөнөттөрү болгону бир жылды түзгөн.

ССМдин жообу: Тендер Кыргызстанда препараттардын жетишсиздигинен улам тез өткөн

ССМ келишимди шашылыш түрдө түзүүгө аргасыз болгон, анткени препараттардын запасы «түгөнгөнү калган». Кийинчерээк министрлик жарактуу мөөнөтү узак болгон «Рекормондун» дагы 250 таңгагын сатып алган.


Айыптоо: ССМ дары-дармектер үчүн кандайдыр бир кепилдиги жок эле алдын ала төлөм которгон

2017-жылдын сентябрында ССМ туберкулин сатып алууга тендер өткөргөн. Келишим түзүүдөн кийин министрлик жеңип алган компанияга алдын ала төлөм катары бардык өлчөмдөгү каражатты которуп салган.

Иллюстративдик сүрөт. snowing/Freepik

ССМдин жообу: Компаниянын кепилдиги болгон, ал эми каражат дары-дармектер жеткирилгенден кийин которулган

Министрлик 2017-жылы туберкулин сатып алууга 1,1 млн доллар (75,5 млн сом) эмес, болгону 4,65 млн сом сарптаган.

Министрлик компаниянын банктык кепилдиги болгон, ал эми акчаны ага мекеме дары-дармектер жеткирилгенден кийин которгон деп көшөрүүдө.


Айыптоо: Министрлик кымбат жана бузулган тез жардам унааларын сатып алган

Министрлик 2016-жылы Dutch Health BV компаниясынан жогорулатылган баада, ар бирин 137 миң доллардан сегиз тез жардам унаасын сатып алган. Ал эми 2017-жылы министрлик немис реанимобилдерин 69 миң долларга сатып алган.

Депутаттар көз карандысыз техникалык экспертизага таянып, машиналар колдо чогултулуп, жоболор бузулуу менен жабдылган деп ырасташууда.

Мындан тышкары, компания машиналарды сүйлөшүлгөн мөөнөттөн эки айга кеч алып келген, ал эми сегиз авто унаанын экөөсү — Казакстандын аймагында жол кырсыгына учураган машиналар.

Бул келишимдин айынан 500 миң доллардан ашуун зыян келтирилген.

ССМдин жообу: Машиналардын баалары анын өзгөчөлүгү жогору болгону үчүн кымбат

Тез жардам унаалары атайын кош бойлуу аялдар менен жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн жабдылганы үчүн ошончолук кымбат болгон.

Бузулган эки машина камсыздоого алынып, толугу менен калыбына келтирилген.


Айыптоо: ССМ жумуштан алынган 49 кызматкердин ордуна «кесипкөй эмес адистерди» алган

2015-2017-жылдар аралыгында министрликтен 49 кызматкер жумуштан алынып, алардын ордуна «кесипкөй эмес адистерди» алышкан.

Негизинен кыбыл алынган кызматкерлердин медицинада тажрыйбалары жок болгон. Саламаттык сактоонун кадр бөлүмүнүн ишинде дагы эреже бузуулар табылган. Ал каттоону дайыма жүргүзбөйт, буйруктардын аткарылышын көзөмөлдөбөйт жана анын документтеринде оңдоолор көп.

Дагы бир чоң эреже бузуу — сатып алууларды уюштуруу бөлүмүнүн орун басарлык кызматына Зинат Бейшебаеванын дайындалышы.

Бул кызматка конкурстардын бир нечеси эреже бузуулар менен өткөн. Бейшебаева тест боюнча керектүү балл алган эмес, бирок аны баары бир аңгемелешүүгө киргизишкен. Андан кийин аны бөлүмдүн башчылыгына дайындашкан.

Министр Талантбек Батыралиев эки жыл аралыгында жетекчилик кызматтарына конкурс аркылуу тандап алуу жолун колдонбой эле «негизсиз» кеспкөйлүгү жок адамдарды дайындаган.

Депутаттар ССМнин башчылыгы жетекчилерди дайындоого «ылгап жана бирдей эмес мамиле кылат» деп эсептейт: айрамдары конкурстук тандоодон өтүшөт, башкалары — жок; кээ бири менен эки-үч айга, ал эми башкалары менен бир нече жылга келишим түзүлөт.

ССМде юридикалык бөлүм бар, бирок мекеме «юридикалык жактан сабатсыз буйруктарды» чыгарат — аларды кийинчерээк прокуратура менен соттор жокко чыгарат.

ССМдин жообу: Кызматкерлер өздөрү кетишкен, ал эми кабыл алынгандар кесипкөй болушкан

Мыйзамсыз жумуштан кетирүүлөр болгон эмес — жумушчулар кызматтарынан «өз каалоолору менен» кетишкен. Министрликте кадрлардын токтобогондугу жана маянанын аздыгынан улам жумуштан кеткендер көп.

Бардык кабыл алынган кызматкерлер жетиштүү деңгээлдеги кесипкөйлөр, ал эми ваканттуу кызмат ордуларына министрлик конкурстук негизде тандап алуу жүргүзөт.

«Дайындалган жетекчилердин арасында кесипкөйлүк талаптарга дал келбегендер жок. Башында эле тажрыйбасы жок адистер дайындалган деп айтылганын туура эмес деп эсептейбиз», — деп эсептейт ССМ.


Айыптоо: ССМде кызматкерлер бир нече кызматтарды аркалап иштешет

«Таза коом» долбоору боюнча саламаттыкты сактоонун электрондук базасын түзүүдө министрлик жарандар менен иштөө бөлүмүн ачкан. Ал жакта 35 консультант иштейт. Алардын маяналары 32 миңден 102 миң сомго чейин. Алардын маяналарын төлөө үчүн каражаттар гранттардан түшүп турган. Бул кызматкерлердин айрымдары бир нече кызматтарды аркалап иштешет, ошондуктан депутаттар алардын жумуштарынын эффективдүүлүгүнөн күмөн санап жатышат.

Мисалы, Нургүл Аднаева бир эле учурда үч кызматты аркалаган — Дары дармектердин улуттук базасын киргизүү боюнча консультант, онкологиялык оорулууларды колдоо боюнча башкаруу фондунун төрайымы жана ССМдин коомдук башталыштагы кеңешчиси.

Нургүл Аднаева

Жарандар менен иштешүү боюнча бөлүмүн түзүү «негизсиз» жана «майнапсыз» болгон. Электрондук саламаттыкты сактоонун иши учурунда бардык кайрылуулар министрликтин жалпы бөлүмүнө жөнөтүлүп турган.

ССМдин жообу: Аднаева коомдук башталышта иштеген

Аднаева министрликте болгону бир эле консультант кызматында иштейт, ал эми онкологиялык оорулууларды колдоо фондунда ал коомдук башталышта иштеген. Ал кадрлардын жетишсиздигинен улам убактылуу министрдин кеңешчиси болгон, бирок учурда ал бул кызматта иштебейт.