Жээнбеков: 2018-жыл — аймактарды өнүктүрүү жылы

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылы мамлекеттик органдарга негизги маселе катары Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүнү тапшырды.

Жээнбеков 2018-жылды «аймактарды өнүктүрүү» жылы катары жарыялоо боюнча жарлыкка 10-январда кол койду. Президент аймактарды өнүктүрүү үчүн көрүлүп жаткан чаралар «ситемдик мүнөзгө ээ боло элек» деп эсептейт.

«Кайсы бир аймактан аттуу-баштуу чиновник же депутат чыкса, ал аймакка бюджеттик каражаттарды бөлүштүрөт, тескерисинче каралбай калган да айыл-кыштактар бар. Кээ бир аймактарда мектептер, ооруканалар курулбай калган. Биз аймактарды өнүктүрүүдө ушундай көрүнүшкө жол бербешибиз керек, бюджеттик жана инвестициялык каражаттар муктаждыкка жараша пландуу бөлүнүшү зарыл», — деди Жээнбеков.

Президент калктын ички жана тышкы миграциясын азайтуу үчүн өкмөткө аймактарда чакан жана орто ишкерликти колдоо үчүн шарттарды түзүүнү сунуш кылды.

Жарлыкта бийлик өлкөнүн бардык калктуу аймактарын 2023-жылга чейин таза суу менен камсыз кылышы керек деп айтылган. Ал эми 2024-жылга чейин өкмөт бардык ооруканаларды модернизациялап, жабдуулап чыгышы керек керек

Буйрукка ылайык, бийлик жергиликтүү маанидеги жолдорду оңдоп, реконструкциялашы кажет. Президент өкмөт санарип технологиялардын жардамы менен «жарандарга милдеттүү түрдө мамлекеттик органдарга барбай тургудай кылып» жеринде мамлекеттик кызматтарды көрсөтүшү зарыл.

Документте аймактарда эски мектептер менен бала бакчалар оңдолуп, жаңылары курулушу зарыл деп жазылган. Ошондой эле, бийлик чакан шаарлар үчүн заманбап спорт жана маданият борборлорун түзүшү керек.

Жарлыкка ылайык, өкмөт 15-февралга чейин аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитиши зарыл.