«Жашыруун түрмөдөгү кыйноо». Питер терактысына айыпталгандардын атасы уулдары атайын кызматтардын курмандыгына айланды деп эсептейт

Сүрөт: Нуртаза Абдиев/Kloop.kg

Ахрал Азимов өткөн жылдын декабрында Кыргызстанга кайтып келди. Ал 2017-жылы апрелде Санкт-Петербургдагы метродо уюштурулган теракт боюнча айыпталып жаткан Азимовдордун атасы. Балдары кармалгандан кийин аны орус жарандыгынан ажыратышкан. Ал уулдарынын күнөөлөрү жок экенин, аларды абакта кантип кыйнашканын жана алардын кармалышын атайлап даярдалганын «Клоопко» айтып берди.

2017-жылдын апрелинин башында Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы метродо жардыруу болгон. Ал 16 адамдын өмүрүн алып, 100дөн ашуун жүргүнчү жабыркаган. Тергөө окуяны терракт деп атап, ал эми террактты Кыргызстанда туулган жана жардыруу учурунда набыт болгон Акбаржон Жалилов жасады деп тапкан.

Орусия бийлиги терактты уюштуруу боюнча ошондой эле Кыргызстанда туулушкан Аброр менен Акрам Азимовдорду дагы айыпташкан.

Аброр Азимовду жардырууну уюштурууга шектеп жатышат. Анткени терактка чейин ага Акбаржон Жалилов чалган. Ал эми Акрам тергөөнүн версиясы боюнча, теракты каржылаган.

Аброр Азимов ырастагандай, аны 4-апрелде кармашкан. Бирок Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) анын кармалышы боюнча эки апта өткөн соң билдирген. Акрамды расмий түрдө 19-апрелде кармашкан, бирок анын туугандары буга чейин бир нече күн мурун аны УКМКнын кызматкерлери Оштун ооруканасынан чыгарып кетишип, Москвага жөнөтүшкөнүн айтышууда. Эки бир тууган тең алардын кармалышы «атайын даярдалган» деп ырасташууда.

Бир туугандар билдиришкендей, аларды ФККнын «жашыруун түрмөсүндө» кыйнашкан. Июлдун аягында Republic басылмасы бул жай Москванын түштүк-батышында жайгашышы мүмкүн экенин жана Азимовдор бул жайда кармалып, кыйноого дуушар болгон бринчи эле адамдар эмес экенин божомолдогон. Октябрдын аягында Тергөө комитети эч кандай жашыруун түрмө «таппаганын», ал эми бир тууган Азимовдорго тергөө учурунда «эч кандай физикалык зомбулук» колдонулбаганы белгилүү болгон.

Сот эки бир тууганды тең, алардын атасы Ахрал Азимовду, анын эки жакын бир тууганын орус жарандыгынан ажыраткан. Азимовдордун атасын 2017-жылы 14-декабрда Орусиянын ФККсына чакырышып, анын жарындыгы жокко чыгарылганы үчүн өлкөдөн чыгып кетиши керек экенин билдиришкен. Москвадагы кыргыз элчилиги Ахрал Азимовго мекенине кайтуу жөнүндө күбөлүк берген. Анын кыргыз жарандыгы сакталып калган. Ошентип 15-декабрь күнү кечинде ал Кыргызстанга кайтып келген.

Ахрал Азимов «Клооптун» кабарчыларына анын уулдарына эмне болгондугу туурасында өзүнүн версиясын айтып берди.

Баяндоо Ахрал Азимовдун атынан жүргүзүлөт

Акрам Кыргызстанга жөнөп кеткен

Мен уулум Акрам менен Москва шаарына 2012-жылы келгенбиз, дагы бир уулум Аброр болсо 2011-жылы барган. Акрам мени менен бирге борбордо, ал эми Аброр Лесной городок кыштагында иштечү. Акыркы жолу балдар менен биз [2017-жылы] марттын аягында жолугушканбыз. Акрамды жумуштан айдап салышканы үчүн бул айда мага өзүнүн маянасын бере албастыгын айтты.

Негизинен алар бардык маяналарын мага берип турушчу. Мен балдарга иштейли, карындашыңарды турмушка узатып, жер алып, ар бириңерге там салалы деп айтчумун.

Акрам башка жумуш издегени жаткан. Бирок мен ага көптөн бери ооруп жүрөсүң, Кыргызстанга барып гайморитиңди операция жасатып кел дедим. Москвада күнүгө ага бейтапканага барып турганга мүмкүнчүлүгүм жок эле. Үйгө барып, өзүнүн үй-бүлөсү менен көрүшмөк.

Биз 27-мартта Акрамга Кыргызстанга билет сатып алдык. Аброр бир тууганын Кыргызстанга жөнөткөндөн кийин акыркы жолу мени менен 2-апрелдерде телефон аркылуу байланышты. Андан кийин 2-3 күн ага чалып, сүйлөшө албай койдум.

Декабрда Ахрал Азимовду орус жарандыгынан ажыратышкан. 15-декабрда ал Жалал-Абаддагы үйүнө кайтып келген. Сүрөт: Нуртаза Абдиев/Kloop.kg

Аброр дайынсыз жоголду

Мен ал жашап жаткан Лесной кыштагына барып келейин деп, бирок жумушту калтыра албадым. Мен коомдук траспорттун айдоочусу болуп иштечүмүн. 102ге чалып, аларга баламдын жоголгону жөнүндө билдиргенден башка айлам калбады.

Милициядан мага Аброр бейтапканага түшпөгөнүн, өлүкканада жок экенин, ал эми милиция аны кармабаганын айтышты.

— «Бир аз көңүлүңүз жайына түштүбү?» — деп сурашты. «Ооба» — деп жооп бердим.

Мен Абрордун жумушуна барсам, ал маянасын алып, 4-апрелде эле кеткенин мага ошол жактагылар айтышты.

Жиним келип, аялыма чалып, ага Абрордун окуясы жөнүндө билдирдим. Алым мага жакшыраак жооп берген жок, анткени мурдараак экөөбүз урушуп кеткен элек. Ал буга анчейин көңүл бурбаса демек баламда бардыгы жакшы болсо керек деп ойлодум.

Ахрал Азимовдун кармалышы

15-апрель күнү таңкы саат 04:30дар чамасында Филёвский паркына жакын жердеги аялдамадан мага жарандык кийимчен эки адам басып келди.

— Ахрал Исаковичсизби?

— Ооба, силер кимсиңер?

Бул жакта биз суроо беребиз деп мени кармашып, машинага отургузушту. Андан кийин алар кайсы жакта жашай турганымды көрсөтүүнү буйрушту.

Эшикти ачканымдан кийин артыман курал такап, чогуу жашаган балдарды тепкилеп киришти. Жашаган жеримди тинтүүгө алышты. Мени менен жашаган балдарды милиция бөлүмүнө алып кетишти.

Алар менден Аброр кайда деп сурап жатышты. Мен билбейм деп жооп берип, анын дайынсыз жоголуп кеткени боюнча арыз жазганым туурасында айтып бердим. Тинтүүгө уруксатыбыз бар деп, мени суракка алууну улантышты. Кыргызстанга чал деп буйрук беришти.

Аларга түшүнүктүү болуусу үчүн орусча сүйлөөнү суранышты. Аялыма чалып, дагы урушуп кеттик. Алар аялым мага жакшы жооп бербегенин угуп, мага ишене тургандыктарын айтышып, мени милиция бөлүмүнө алып барышты. Ал жакта телефонумду тартып алышып, эки күн камап салышты.

Ахрал Азимов. Сүрөт: Нуртаза Абдиев/Kloop.kg

Ахрал Азимовдун балдарынын кармалышы

17-апрелде мени милиция бөлүмүнөн чыгарышты. Мен телефонумду жандырсам эле мага Акрамды жубайы чалып калды. Ал күйөөсүн ооруканадан чыгарып кетишкенин кабарлады.

Көрсө мен кармалган күнү алар Кыргызстанда жүргөн Акрамды да чыгарып кетишиптир. Мен Аброр кайсы жакта экенин, аны кайдан издөө керектигин билбей, башым айланып калды.

Аңгычакты, 18-апрель күнү Абрордун кармалганы боюнча кабарлашты. Тасманы карасам, баламдын беттери көгала. Аны жаткырып алып, ыктымал бел курунан курал алып чыгып жатышат. Кичинекей кезинен тарбия көргөн менин балдарым оюнчук тапанча да ойношкон эмес. Абрордун кармалышы жасалма экени дароо эле түшүнүктүү болду.

Анда мен ЖМКлар аркылуу коомчулукка кайрылдым. «Кантип эле бир күн мурун Кыргызстанда операция болгон баламды Москвада граната менен кармап жатасыңар?» дедим. Ал учурда менин колумда 14-апрелде Акрамга Кыргызстанда операция жасалганы тууралуу аныктамалр бар болчу. Мен адвокаттан бул кагазды сотко көрсөтүүсүн сурандым, бирок эмнегедир алар аны көрсөтпөй туруп алышты.

Акрам Азимовду расмий кармоо. Ыкчам тасмадан кадр

Мен адвокаттарды алмаштырдым

Биринчи кезекте мен эңсеп жаткан нерсе — бул адвокаттарды алмаштыруу керек болчу. Бирок алардын кызматтары кымбат болуп туруп алды. Мага Дмитрий Динзеге кайрылууну кеңеш кылып, анын номерин беришти. Биз ал экөөбүз 22-апрелде жолугушуп, келишимге кол койдук.

Ал жубайы дагы адвокат экенин айтты. Дмитрий Абрордун, ал эми анын аялы Акрамдын адвокаты болуп дайындалды. Адвокаттар балдар менен жолугууга аракет кылаарын айтышты. Бирок, алар бизди кабыл алышы керек дешти. Эгерде Аброр менен Акрам адвокаттардан баш тартып коюшса, Динзелер эч нерсе кыла албай калышмак.

Мен адвокаттарга «эгерде биздин кызматыбыздан баш тартсаңар, атаңар силерден нааразы болуп өтөт экен дүйнөдөн» деп уулдарыма айтып баргыла деп сурандым.

Динзелер бул сөздөрдү Акрам менен Аброрго жеткиришип, алар адвокаттарын алмаштырышты. Мына ошондо буга чейин жашыруун болгон жагдайлар белгилүү болду. Ага чейин мамлекет тарабынан жалданган адвокаттар, балдарда баары жакшы, бардыгы жайында деп ырастап жатышкан.

Аброрду жашыруун абакта эки апта кыйнашкан

Баарыңар Аброр Азимов 18-апрелде кармалганын көргөнсүңөр. Чындыгында аны 4-апрель күнү кармашыптыр. ФККнын кызматкерлери ал кетип жаткан машинаны токтотуп, башына кап кийгизишип, башка машинага отургузушкан.

Жашыруун түрмөгө алып барып, 14 күн кыйнашыптыр. Жылаңач кылып, бетине чүпүрөктү жаап алып суу куюшуптур. Кабыргалары сынганча келтек менен чапкылашыптыр. Токту жыныстык мүчөсүнө улап, токко тарттырышыптыр. Ага күнөөнү мойнуна алдырыш үчүн ушундай кыйноолорду колдонушкан.

Баарына чыдап, күнөөнү мойнуна алган кагазга кол коюудан баш тарткандан кийин, атаңды да алып келип кыйнайбыз деп айтышыптыр. Ошондо Аброр менин өмүрүм үчүн коркуп, алар сурангандын бардыгын аткарууга макулдугун берген.

Биринчи алар ага жаттап, айтып бере турган кагазды беришкен. Айтып берип атканда жаңылбашы керек болчу, жаңылып калса кайра кыйнашмак. Мына ушундай жол менен бардык документтерге кол койдуруп алууга мажбур кылышкан.

Аброр Азимовду расмий кармоо. Ыкчам тасмадан кадр

Акрамды Кыргызстандан кармап, Москвага өткөрүп беришкен

14-апрелде Жалал-Абад шаарындагы «Касиет» жеке клиникасында Аброрго гайморитине операция жасашты. УКМКнын кызматкерлери 15-апрелде жандандыруу бөлүмүндө жаткан баламды кармашып, аны Москвага чейинки учакка салып жиберишет. Ал жерде ФККнын кызматкерлери Акрамды атайын өзүнчө эшиктен кармап, башына кап кийгизип аэрпорттон чыгарып кетишет. Акрамды дагы жашыруун түрмөгө алып барып, аны да кыйнашат.

Эгер ал кагаздарга кол бойбосо аны да келтек менен зордуктайбыз деп коркутушкан. Балам өз өмүрүн сактап калыш үчүн алар буйругандын баарына кол коюп берүүгө мажбур болгон.

«Алардын кармалышы алдын ала уюшулган»

Балдарымдын [расмий] кармалышы алдын ала уюштурулган. Абрордун айтуусу боюнча, анын «кармалышын» тасмага тартып жатышканда, ал чуркашы керек болгон. Ал 14 күн баспай жүргөнү үчүн ар бир кадам алга кыйынга турган.

Оперативдик тасманы эки вариантта тартышкан. Биринчисинде, «Сиз эмнеге кармалганыңызды билип жатасызбы?» деген суроого «ооба» деп, экинчи жолкусунда «жок» деп айттырышкан.

Дагы бир уулум Акрамды аялдамадан «кармашкан». Байкасаңар, ал жеңил куртка кийип жүргөн. Ал учурда Москвада абдан эле суук болчу, адамдар кышкы курткачан жүрүшкөн. Ал эми Кыргызстанда салыштырмалуу жылуу болчу. Эгерде аны чын эле ошол жерден кармашса, анда ал кантип жеңил курткачан болмок эле?

Мындайды фашисттер да жасашпайт. Мен бул сөздөрдү Москвада да айткам. Күнөөсүз эле адамдарды кантип мындай кыйноого салдыңар? Элдер аларды сындап, эмне үчүн күнөөнү өз моюндарына алышты деп жатышат. Чыдаш керек болчу дешүүдө. Кантип мындай кыйноолорго чыдоого болот?

Ай сайын жашоого 5000 рубль

Мен балдар менен жолугушууга уруксат берилишине аракет жасадым, бирок андан майнап чыкпады. Алар кыйнаган кызматкерлердин жүзүн тааныган чакта деле, бул нерсеге эч ким көңүл бурган жок — кандайдыр бир жаңылыштык деп коюшту.

Андан кийин кармалган жерлерине кызматкерлер барып туруп, Кыргызстандагы досторуңа айттырып аялыңды зордуктап, балдарыңды өлтүртөбүз дешиптир. Ошондо кыйноого кабылган эмеспиз деп көрсөтмө берип, кол коюп беришиптир.

Балдарыма, Питерде уюштурулган терракта тийешеси бар жана террактты каржылаган деп күнөө коюлууда. Алар кантип террактты каржылашмак эле? Алардын андай акчалары жок. Алар алган айлыктарын — 50 миң рубль — мага берип турушкан. Ал эми мен алардын жашоосу үчүн 5 миң рубль гана берчүмүн.

«Ооба, алар экөө тең Түркияда болушкан»

Бир кезде Аброр Түштүк Кореяга кетейин деп чечиптир. Ал жакта жакшы акча тапканга болоорун уккан окшойт. Мен анын сунушун колдоого алгам.

Стамбул аркылуу учууга билет алдык. Кайра келгенине Владивосток шаарына алдык. Кореяга учуш үчүн көрсө дароо эки тарапка билет алуу керек экен.

Абрордун өз оюнда ал жакка учуп барып калып калмак, бирок аны аэропорттон алыс өткөрүшкөн жок. Көрсө, аз да болсо чет тилин билиши керек болчу экен. Ал аэропортто берилген суроолорго жооп бере албаптыр, анан аны кайра депортация кылышыптыр. Кайра келгенде да Стамбул аркылуу учкан.

Акрам Түркиянын өзүндө болгон. Кызыбызды турмушка узатып жатканда карындашына сеп сатып алуу үчүн Стамбулга барып келген. Ошол убакта учак билеттери өтө деле кымбат эмес болчу, кызга керектүү буюмдар да арзаныраак эле. Акрам ал жакта дем алыш күндөрү гана болгон.

Акрам ал кезде ресторанда иштечү, суши даярдаш үчүн азык-түлүк сатып алуу керек болуп, андан кийин ал дагы бир жолу Түркияда жумушу боюнча болгон.

Аброр Азимовду расмий кармоо. Ыкчам тасмадан кадр

Тергөө иштерин үч ай сайын узартышууда

Адвокаттар керектүү болгон бардык документтерди келтирүүдө. Балдарымдын кыйноого алынгандыгы тууралуу көрсөтмөлөрү, Акрам операция болгон бейтапканадан тийиштүү аныктамалар бар.

Тергөөчүлөр соттон тергөө мөөнөтүн узартууну суранып жатышат. Сот жараяны жабык тартипте өтүүдө. Бирок буга карабастан ЖМКлар айыпталгандар ыктымал күнөөлөрүн мойнуна алышты деп маалымат таркатышууда.

Тергөөчү мага балдар менен жолукканга мүмкүнчүлүк берем деп айтып келген. Ольга Динзе кайрылуу жасап, эмне үчүн тергөө иштерин жүргүзүү мөөнөтүн узартып жатасыңар деп айтып чыккандан кийин, тергөөчүнүн мага жасаган мамилеси өзгөрдү. Ал эми менден балдарың менен жолугушууну такыр суранба деди. Булардын адамгерчилиги кайда?

Эми Акрам менен Аброрду кыйнабай калышты, бирок аларды эбак эле сындырып коюшкан. Менин террактка тиешеси жок уулдарымды кармап жатышса мен кантип үндөбөй отурам? Мени бир гана өлтүрүп тына алышат.

Акрамдын үч баласы бар, алардын баары кичинекей — эң улуусу бешке чыкты. Абрордун кызы бар — ал майып болуп төрөлгөн. Ким эми аларды багып чоңойтот? Мен жалгыз багып келген менен бирок менин да жарандыгымды кайтарып алышты. Эми Кыргызстанда тиричилик кылыш керек, анткени адвокаттарга да кызмат акысын төлөөгө туура келип атат.