Шадиев күзгө чейин Бишкектин борборун маршруттук таксилерден арылтууну убада кылды

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев 2018-жылдын сентябрына чейин Бишкектин борборунан маршруттук таксилерди алып салууну убада кылды. Бийлик калааны бир нече жолу маршруттук таксилерден арылтууну убада кылган, бирок жүргүнчү ташуучардын нааразылыгы менен автобус жана троллейбустардын жетишсиздиги көйгөй жараткан.

Шадиев 23-январда парламенттик комитеттин жыйынында 2018-жылдын сентябрына чейин Бишкектин борборун маршруттук таксилерден арылтууну убада кылды.

«Кудай буйруса, сентябрга чейин. Күзгө чейин биз кичи автобустардын Бишкектин борборунан чыгарабыз», — деп келтирди Шадиевдин сөзүн 24.kg басылмасы.

Анын айтымында, бул жылы Бишкек үчүн газ менен жүргөн 350 жаңы автобус сатылып алынат.

Бул автобустар калаанын борборунда катташат, өз кезегинде бул бардык маршруттук таксилерди шаардын чекесине чыгарууга түрткү болот. Бийлик автобустарда ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шарттар каралып, электрондук билеттер киргизилет деп убада кылууда.

Шаар бийлиги бир далай жолу Бишкекте маршруттук таксилердин ордуна автобус жана троллейбустар киргизилет деп убада кылган. Мисалы, 2014-жылы маршруттук таксилердин айдоочуларына «жүргүнчүлөрдү тургузуп алып» ташууга тыюу салуу сунушталган , бирок анда айдоочулар каршылык жарыялашып, жол кире акысын көтөрүүнү талап кылышкан.

Күн сайын Бишкетин жолдоруна 80 троллейбус, 250 автобус жана 3000 миңге жакын кичи автобус чыгат. Бишкек мэриясы маршруттук таксилерди алмаштыруу үчүн шаарга 800 автобус жана 150 троллейбус керек деп эсептеген.