Билим берүү министрлиги: Суук катуу болсо мектептер менен бала бакчалардын иштери токтотулат

Билим берүү министрлиги маалымдагандай, суук катуу болсо өлкө боюнча мектептер менен бала бакчалардын окуу процесстерин токтотушат. Мектептер жана бала бакчалардын директорлору күн сайын абанын температурасын өлчөп туруулары керек.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, эгерде суук катуу боло баштаса мектептер менен бала бакчалардагы окуу процесстери токтотулат.

Аталган мекеме мектептер менен бала бакчалардын директорлоруна күнүгө абанын температурасын текшерип, бул боюнча Билим берүү министрлигине маалымат тапшырып турууну буйруду.

Мектептер менен бала бакчаларда окуу процессин токтотуу боюнча чечим Ооруларды алдын алуу департаментинин буйругунун негизинде кабыл алынат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 23-январда абанын температурасы дароо төмөндөп кеткени боюнча маалымат тараткан. Республиканын айрым аймактарында суук аба ырайы 30-январга чейин сакталат, ал эми өлкөнүн башка райондорунда абанын температурасы -40градуска чейин чыгат.

«Мындай аномалдуу суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат», — деп айтылат ӨКМдин маалыматында.