Өкмөт мамлекеттик кызматкерлерди кыскартат

Кыргызстандын өкмөтүнүн имараты. Иллюстративдик сүрөт

Вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев парламентте өкмөттүн кызматкерлери кыйла эле кыскартылаары жөнүндө билдирди. Анын айтымында, бери эле дегенде мамлекеттик кызматкерлердин 10 пайызы кызматынан кол жууйт.

Шадиев 23-январда парламенттин жыйынында билдиргендей, мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуу «жакынкы убакыттарда» болот. Анын айтымында, аткаруу бийлигиндеги бардык кызматкерлердин 10 пайызы кыскартылат.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын өкүлү Марат Кыдыралиев мамлекеттик кызматкерлерди кыскартышаарын «Клоопко» тастыктады. Анын айтымында, премьер-министр Сапар Исаков 8-январда штатты кыскартуу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзгөн.

Өкмөттө кыскартууну «оптималдаштыруу» деп аташууда. Кыдыралиевдин айтымында, өкмөт кайсы бир мамлекеттик органдарда бири-бирин кайталаган функциялар бар же жогун изилдейт, андан кийин алардан арылат.

Сапар Исаковдун буйругунда өкмөт бери эле дегенде кызматкерлердин 10 пайызын кыскартып, комиссия өз жумушун аягына чыгармайынча мамлекеттик кызматкерлерди жумушка алууну (болжолдолдуу фералдын ортосуна чейин) убактылуу токтотот деп айтылган.

Жумуштан алуулар министрликтер менен ведомстволордун стаст-катчыларынын сунуштамаларынын негизинде болот. Алар мамлекеттик кызматкерлердин адискөйлүк сапаттарына ылайык келүүлөрүнө карап анализ жүргүзүүлөрү талап кылынат.

Мамлекеттик кадр кызматынын 2016-жылга карата статистикасы боюнча, жалпысынан Кыргызстанда 16 миңден көбүрөөк мамлекеттик кызматкер бар. «Азаттык» үналгысы башка сандарды атоодо — алардын маалыматына ылайык, Кыргызстанда муниципиалдык жумушчуларды кошкондо 27 миңден ашуун мамкызматкер бар. Бул маалыматтар кыскартууга бери эле дегенде 1600 адам кабылат дегенди билдирет.

Мамлекеттик кадр кызматынын аналитика бөлүмүнүн башчысы Назгүл Бегалиева кыскартууга айыл өкмөттөрүндө иштеген кызматкерлер кабылбай турганын түшүндүрдү, анткени алар аткаруу органдарынын курамына киришпейт.

«Муниципиалдык кызматкерлер — бул жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жумушчулары. Ал эми бийликтин аткаруу органдарына региондордун жана облустардын мамлекеттик администрациялары кирет», — деди ал.

Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы Акрам Мадумаров «Азаттык» үналгысына курган маегинде кыскартуулар «механикалык» болбостугун айткан.

«Кээ бир мамлекеттик органдарда бири-бирин кайталаган функциялар бар. Ошолорду караштырыш керек. Бирок механикалык кыскартуу менен эмес, ар бир кызматты талдап, тактап, кызматкерлердин ишин эсептеп чечим чыгарышыбыз керек. Анткени бул жерде ар бир адамдын тагдыры турат», — деген ал.


ТЕМА БОЮНЧА: