Отурумдарды интернет аркылуу байкоо үчүн Кыргызстандын соттору камералар менен жабдылат

Сот департаменти отурумдарды жаздыруу үчүн сот залдарын камералар менен жабдуулоого үч жылда 480 млн сом жумшайт — бул отурумдарды онлайн көрүүгө мүмкүн болот.

Сот отурумдарын жаздыруу үчүн камераларды орнотуу алгач Бишкектин сотторунда башталат — аларды 2018-жылдын жаз айларына чейин орнотууну пландашууда.

Жалпысынан Кыргызстандын сотторундагы бардык залдарды жабдуулоого үч жылда 480 млн сом жумшалат. Мындай маалыматтар Кыргызстандын 2020-жылга чейинки программалык бюджетинде көрсөтүлгөн.

Сот ресурстарын башкаруу департаментинин начальниги Аида Асаналиева «Клооптун» кабарчысына маалымдагандай, бул камералардын жардамы менен отурумдарды онлайн түрдө байкоого болот.

«Жабдыктар пилоттук долбоор катары Бишкектин үч соту үчүн сатылып алынды. Аны жай мезгилдеринин аягына чейин ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Эгерде сыноо жакшы өтсө, анда ушундай эле жабдыктарды башка соттор үчүн да сатып ала баштайбыз», — деди ал.

Ошондой эле, Асананалиева сот департаменти «судьялардын жана отурумдун катышуучуларынын коопсуздугу» үчүн жөнөкөй камераларды бардык сотторго да орното турганын кошумчалады. Бул камералар азырынча болгону Бишкектин жана Чүй облусунун 16 сотунда орнотулган.

«[...] Тышкы байкоо системаларын орноттук, тагыраак айтканда соттордун коридорлоруна, залдарына, отурумдун катышуучу жарандары менен соттордун коопсузудугун камсыздоо үчүн судьялардын иш бөлмөлөрүнө», — деди ал.

Коопсуздук камераларынын жазмаларын сот залдарындагы камераларга караганда кайсы бир териштирүү үчүн суроого болбойт — бул маалыматтар бир ай сакталып, андан соң алар өчүрүлөт.

Кыргызстандын 2020-жылга чейин программалык бюджетине ылайык, бийлик байкоо камераларын орнотуу аркылуу «сот өндүрүү процессин сактабоого карата берилген арыздарынын» санын жылына 75тен 50гө чейин азайтууну ишарат кылууда.

Сот залдарында байкоо камераларын орнотуу боюнча 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында сот департаментинин башчысы Рустам Ибрагимов билдирген. Ал камераларды эки жылдын ичинде бардык соттордо орнотууну убада кылган.


ТЕМА БОЮНЧА: