МКК: «Акылдуу шаар» долбоору боюнча камераларды орнотуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) төрагасы Дастан Догоев Бишкек менен Оштун жолдоруна качан камералар орнотулаары боюнча так айта албасын маалымдады. Буга чейин өкмөт алгачкы камералады сыноо түрүндө январдын аягына чейин ишке киргизүүнү убада кылган.

Догоев 31-январда МККнын коллегиясында билдиргендей, «Акылдуу шаар» долбоору боюнча камераларды орнотуунун мөөнөтү жылдырылууда. Жолдордо камераларды «Хуавэй» компаниясы орнотушу керек болчу.  

«Биз күтүп жатабыз, жакын арада компания орнотуу үчүн камераларды алып келиши керек. Мөөнөтүн азырынча айта албайбыз. Жалданмачы тарабынан техниканы январдын аягында алып келишээри боюнча маалымат болгон, бирок азырынча жумуш баштала элек. Мөөнөтү жылып жатканын моюнга алабыз», — деди Догоев.

Бирок МККнын төрагасы Бишкек менен Оштун жолдорунда алгачкы камераларды орнотуу качанкыга жылдырылып жатканын тактап берген жок.

Сентябрдын ортосунда Кыргызстандын Инвестицияларды илгерлетүү боюнча агенттигинин башчысы Эсенкул Момункулов «Хуавэй» сыноо видеокамераларын Бишкек менен Ошто январдын аягында орното турганын маалымдаган. Жалпысынан камералар менен бул шаарлардын төрт кесилиши жабдылышы керек болчу.

«Хуавэй» менен келишим

Кыргызстандын өкмөтү 11-январда «Акылдуу шаар» долбоору боюнча камераларды орнотуу үчүн «Хуавэй» компаниясы менен келишим түзгөн. Долбоорго инвестициянын өлчөмү 60 млн долларды түзөт. Камераларды орнотууга кеткен каражаттар инвесторлорго штрафтан түшкөн акчалардын эсебинен төлөнүп турат.  

Премьер-министр Сапар Исаковдун айтымында, компания Бишкек менен Ошто 70 камера орнотот. Ал чогулган штрафтарды бир гана кыргыз тарап тейлей турганын кошумчалаган.

Долбоор бир жарым жылга эсептелген, ал аягына чыкканда камераларды мамлекеттик «Инфоком» ишканасы башкарат.

Инвестициялык келишимди 2015-жылы башталган каржы полициясы тарабынын «Хуавэйге» карата териштирүүлөрүнүн шартында түзүштү — тергөөнүн версиясы боюнча, кытайлык компаниянын Бишкектеги филиалы Эркештамдан Ошко чейин волокондук-оптикалык байланыш линияларынын курулушунун баасын жогорулатып көрсөткөн.

Буга байланыштуу каржы полициясы «Хуавэйдин» Бишкектеги кеңсесинин бардык эсептерин жана мүлкүн камакка алган. Компаниянын Кыргызстандагы жетекчилигине карата камакка алуу баш коргоо чарасы сырттан белгиленген.

Учурда бул териштирүүлөрдүн макамы белгисиз, ал эми өкмөт кызматташуу үчүн бул нерседен кандайдыр бир чектөөлөрдү көргөн жок.

Бийлик 2011-жылдан бери Бишкектин жолдоруна «Коопсуз шаар» долбоору боюнча эреже бузууларды аныктаган камераларды орнотууну убада кылып келет. Бирок ошондон бери Бишкектин кире бериш шаарчаларынынын кесилиштеринде гана бир нече камералар орнотулган.

Өкмөт эки тендер өткөргөн — биринчи конкурс эреже бузуулар менен өткөн, ал эми экинчи тендердин айынан бийлик дагы эле конкурстан жеңген «Стилсофт Бишкек» компаниясы менен соттошуп жатат. Долбоор 60 млн долларга бааланган.


ТЕМА БОЮНЧА: