Бишкек: Курсанттар менен тургундардын ортосундагы уруштун алты катышуучусу кармалды

Жал кичи районунда Дайыр Асанов атындагы аскер лицейинин курасанттары менен жергиликтүү тургундардын ортосунда уруш чыкты. Милицияга алты лицейчи жеткирилген.

Бишкек ШИИБдин басма сөз катчысы Адыл Оморов «Клооптун» кабарчысына маалымдагандай, аскер лицейинин окуучулары менен Жал кичи районунун жашоочуларынын ортосундагы уруш 4-февралда болгон.

«Кечээ саат 16:13дө чакыруу түштү. Окуя болгон жерге барган милиционерлер жаңжал болгонго чейин аскер лицейинин курсанттары компьютер клубуна барышып, ошол жерден клубдун башка кардарлары менен араздашып кетишкенин аныкташкан», — деди Оморов.

Басма сөз катчынын айтымында, милиционерлер окуянын чоо-жайын билүү үчүн уруштун алты катышуучусун Ленин РИИБне жеткиришкен.

«Учурда алар менен жашы жете электердин иши боюнча инпекциянын кызматкерлери жана аймактык инпекторлор иштеп жатышат — уруштун катышуучуларынын тек-жайлары менен алар кайсыл окуу жайларда билим алганы такталууда», — деп белгиледи Оморов.

Лицейдин начальниги Марат Дүйшөновдун айтымында, «жарандар менен лицейчилердин ортосунда эч кандай мушташ болгон эмес».

«Жарандар качып кетишкен. Милиция биздин курсанттарды кармай баштаган. Менин орун басарым, офицерлер курсанттарга болушкан», — деди Дүйшөнов.

Ал учурда лицейде курсанттардын экөөсү эмне үчүн компьютердик клубда болуп калганы үчүн ички иликтөө жүргүзүлүүдө деп кошумчалады.

«Иликтөө үчүн эки полковник лицейге жөнөтүлдү. Офицер кызматтан алынат, ал эми курсанттар лицейден уруксатсыз кетишкени үчүн жазага тартылышат», — деди Дүйшөнов.

Лицейдин начальнигинин маалыматына караганда, курсанттар менен жергиликтүүлөрдүн ортосундагы мындай уруштар «20 жылдан бери болуп келет».