УКМК аткезчилик жана пара берүү үчүн төрт чет элдикти кармады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Кыргызстанга мыйзамсыз товарларды киргизүү жана өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү үчүн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) кирген өлкөнүн төрт жаранын кармады. Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр ыкчам кызматкерлерге 100 миң евро жана 138 миң доллар беришкен.

УКМКнын басма сөз кызматы 25-январда билдиргендей, мекеменин кызматкерлери пара берип жаткан жеринен КМШ өлкөсүнүн төрт жаранын кармаган.

«Такталган маалымат боюнча, чет элдик жарандар Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүп, мындайча айтканда “жалган транзит” аркылуу тамеки продукцияларын жана башка товарларды алып өткөргөндүгү тууралуу жасалма документтерди уюштурууну көздөшкөн», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Бул факт боюнча башкы прокуратура «Бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөө», «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шыкакчы болуу» жана «Пара берүү» беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов кармалгандар кайсы мамлекеттердин жараны экенин тактап берген жок.

Кармалгандар УКМКнын тергөө изоляторуна камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.


ТЕМА БОЮНЧА: