Жогорку сот беш милиционерди кыйноолорго күнөөлүү деп тааныды, бирок аларга жаза колдонулбайт

Жогорку сот беш милиционерди «физикалык күч колдонуу менен кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу» боюнча күнөөлүү деп тааныды. Бирок милиционерлер жаза өтөө мөөнөтү өтүп кеткендиктен жоопкерчиликке тартылбайт.

«Эркиндик үнү (Голос свободы)» укук коргоо уюму 5-февралда «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, Жогорку сот Бишкектин Ленин райондук ИИБинин беш милиционерин кыйноолорду колдонууга күнөөлүү деп тааныды. Бирок сот аларга кылмыш да, административдик да жазага тартуу жоопкерчилигин дайындаган жок.

«Иш Жогорку сот Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырганында болууда. Кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендигинин айынан [милиционерлер] абакта отурушпайт», — деди укук коргоочу Батыр Ботобеков.

Анын айтымында, жабыркагандардын туугандары материалдык жана моралдык зыяндын ордун толуктап берүү үчүн Ички иштер министрлигине арыз беришмекчи.

Ал эми милиционерлер катышкан окуя 2009-жылы болгон — алар күнөөнү мойнуна алдырыш үчүн эки адамды өлтүрүүгө байланыштуу шектелип кармалган.

Укук коргоочулардын айтымында, соттук териштирүүлөрдүн учурунда айыпталуучу тараптан жабыркагандардын туугандарынын дарегине коркутуулар келип турган.

Бишкектин Октябрь райондук соту 2016-жылы беш милиция кызматкерин кыйноолорду колдонуу боюнча күнөөлүү теп тааныган, бирок кылмыш ишин жазанын мөөнөтү өтүп кеткени үчүн дайындаган эмес.