Сүрөт: Эмирлан Маматкадыров/Kloop.kg

Кышкысын эс алгысы келгендер Оштун Алай районундагы «Чыйырчык» лыжа базасына агылат.

Cүрөт: Эмирлан Маматкадыров/Kloop.kg

«Чыйырчык» лыжа базасы Ош шаарынан 63 километр алыстыкта жайгашкан.

Cүрөт: Эмирлан Маматкадыров/Kloop.kg

Лыжа сезону декабрь айында ачылат. Дем алыш күндөрү шаар тургундары, чет элдик коноктор «Чыйырчыкка» жөнөшөт.

Cүрөт: Эмирлан Маматкадыров/Kloop.kg

Анткени бул Ош облусу боюнча жападан жалгыз кышкы эс алуучу жер. «Чыйырчык» дем алыш күндөрүндө 200дөн ашуун эс алуучуну кабыл алат.

Сүрөт: Эмирлан Маматкадыров/Kloop.kg

Эс алуучуларга лыжа, сноуборд, чана жана балон ижара берилет.

Сүрөт: Эмирлан Маматкадыров/Kloop.kg

Алардын баасы саатына 200 сомдон 500 сомго чейин барат. Ал эми, ат минүүгө 100 сом төлөө керек болот.

Сүрөт: Эмирлан Маматкадыров/Kloop.kg

Базада эс алуучуларга коопсуздук тууралуу кеңеш берген кызматкерлер бар.

Сүрөт: Эмирлан Маматкадыров/Kloop.kg

Бул базада уюлдук байланыш тартпайт. Ошондуктан, тез жардам чакыруу — машакаттуу.

Сүрөт: Эмирлан Маматкадыров/Kloop.kg