УКМК Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин бөлүм башчысын кармады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закировду кармады. Аткаминер бюджеттен 2 млн сомду өзүнө ыйгарып алууга шектелүүдө.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Закировдун кармалышын «Клооптун» кабарчысына ырастады.

«Ооба, аны кармашты. Ал жалгыз эле кармалган», — деди Сулайманов.

«24.kg» басылмасы УКМКнын басма сөз кызматына таянып билдиргендей, Закировго каршы «Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу» жана «Документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу тергөө жүрүп жатканына таянып, Закировдун кармалышынын чоо-жайына комментарий берүүдөн баш тартты.

«Азаттык» үналгысы өзүнүн маалымат булактарына таянып маалымдагандай, 2017-жылдын күзүндө Закиров Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык үчүн 30 миң долларды Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясына которуу боюнча документтерди жасалмалаган.

Бирок парламенттин иш башкармалыгынын сурамынан кийин ассамблеянын катчылыгы каражаттын алынышын четке каккан.

Закиров УКМКнын Убактылуу кармоо изоляторуна камалды.


ТЕМА БОЮНЧА: