«Клооп Медиа» Ош шаарындагы жазгы журналистика мектебине кабыл алууну баштады

«Клооп Медианын» онлайн журналистика мектеби — практика аркылуу билим алууга шарт түзгөн кайталангыс курстар.

Эмне үчүн «Клооптун» журналистика мектебин тандоо керек?

Мектеп туурасында маалыматым бар. Билдирме толтурууга өтө берейин.

Биздин мектепте мультимедиалык журналистиканы үйрөнөсүң. Анда текст жазуудан тышкары фотосүрөт тартууну жана видео репортаждарды даярдоону өздөштүрүп, медиа мыйзамдар тууралуу маалымат ала аласың.

Kloop.kg сайтындагы макалалардын авторлору — биздин мектептин катышуучулары. Алар мектепке келген күндөн тарта чыныгы жаңылыктарды ири аудитория үчүн жаза башташат.

Жаңылыктарды жазуудан тышкары, өлкөдөгү маанилүү окуяларды жеринен чагылдыра аласың — ал үчүн биз керектүү ресурстар менен камсыздайбыз.

Сага мобилдик телефондон видео тартып, дүйнөгө түз эфирде чыгууну жана видео менен иштөөнү үйрөтөбүз.

Биздин гана мектепте сен окуу башталаары менен биринчи жумадан тарта респонденттен интервью ала аласың.

«Сулайман-Тоого түшкөн чагылганды 5 сааттай тарткам»
— «Клооп Медианын» кышкы журналистика мектебинин катышуучулары Айбийке Амангелди кызы жана Жумагүл Кочкорбай кызы Оштогу физик-фотограф Зафер Динчер менен маектешип, сүрөтчү тууралуу даярдаган материалы

«Клооп Медианын» Ош шаарындагы жазгы журналистика мектеби 19-мартта башталып, 25-майда аяктайт. Ага Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын журналистикага кызыккан жашоочулары билдирме жөнөтө алышат.

Эгерде жашың 18ге толо элек болсо, анда ата-энеңдин же асыроого алган кишинин уруксат кагазын толтуруп, school@kloop.kg электрондук почтасына жибер (форманы бул жерден жүктөп алууга болот).

«Клооп Медиа» аймактан келген катышуучуларды төмөнкүлөр менен камсыз кылат:

• жол кире;

• бекер жатакана;

• стипендия.

Билдирменин негизинде 12 катышуучу журналистика мектебине тандалып алынат. Баарыңарга ийгилик каалайбыз!

Кошумча маалымат алуу үчүн: +996 559 300 336 (WhatsApp); +996 772 300 336

Электрондук дарек: school@kloop.kg

Дарегибиз: Алиев көчөсү, 161А, Ош шаары, Кыргыз Республикасы

Жазгы журналистика мектебине катышуу үчүн төмөнкү форманы толтуруп жөнөтүү керек. Билдирмелер 2018-жылдын 11-мартына чейин кабыл алынат.