Милиция чек арада жарадар болгон кыргызстандыкка байланыштуу кылмыш ишин козгоду

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук милициясы Өзбекстандын чек арачылары жарадар кылышкан кыргызстандыктын окуясына байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Окуя 27-январда болгон.

Кыргызстандын акыйкатчы институту билдиргендей, кылмыш иши «Чек арадан мыйзамсыз өтүү», «Адам уурдоо» жана «Адам өлтүрүү үчүн кол салуу» беренелери боюнча козголгон.   

Мамлекеттик укук коргоочу Кубат Оторбаев иликтөө боюнча катты башкы прокуратурага, Кыргызстандын премьер-министринин жана президентинин администрациясына жөнөткөн. Акыйкатчынын маалыматы боюнча, иш «президент менен премьер-министрдин өзгөчө көзөмөлүнө» алынган.

Жабыркаган кыргызстандыктын айтымында, 27-январда эки өзбек чек арачысы «Кыргызстандын Ажек жергесиндеги аймагына кирип келишкен».

«Себебин түшүндүрбөстөн эле автоматтан аны сол санга атышып, өзбекстандын аймагына сүйрөп кетишкен», — деп айтылат акыйкатчынын маалыматында.

Жабыркаган Өзбекстандын Чуст райондук ооруканасына жаткырылган. Ал 31-январда Кыргызстанга кайтып келген.

«Ага үчтөн ашык операция жасалып, жылдар бою реабилитация керектелет, анткени сол саны толугу менен тийген октон бырчаланып кеткен», — деп белгиледи акыйкатчы.

Оторбаев билдиргендей, бардык күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылышын жана окуя дыкат иликтенишин талап кылат.

Кырыгызстандын чек ара кызматы 29-январда өзбек чек арачылары мал кайтарып жүрүп Өзбекстандын аймагына кирип кеткен малчыны жарадар кылышканын маалымдаган.

Өзбек чек арачылары ырасташкандай, малчы «эскертүүлөр менен талаптарды укпай койгон», ошондуктан кызматкерлер «курал колдонууга арагасыз болушкан».


ТЕМА БОЮНЧА: