Кыргызстанда «коррупционерлердин реестри» түзүлөт — ал жакка киргендер мамкызматта өмүр бою иштей албай калат

Кыргызстанда коррупция үчүн айыпталган укук коргоо органдарынын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жана прокуратуранын кызматкерлеринин аты-жөнү киргизилген тизме пайда болот. Аты-жөнү тизмеге кирип калган аткаминерлер мамлекеттик кызматта иштөө укугунан өмүр бою ажыратылат.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Дамир Сагынбаев «Азаттык» үналгысына курган маегинде коррупция боюнча айыпталган мамлекеттик кызматкер мамкызматтан өмүр бою кетирилет деп билдирди.

«Бул реестр бизге эмне үчүн керек? Бул боюнча соттолгон жана соттун өкүмү чыккан кишилер мындан ары мамлекеттик кызматтарга кайра орношуп албашы үчүн жана кайсы бир кызматка кирип албашы үчүн керек», —  деди Сагынбаев.

Ал жакын арада коррупция жана мамлекеттик мүлктү уурдоо фактылары боюнча негизсиз токтотулган же кыскартылган бардык кылмыш иштер жаңыртылып, иликтөө иштери улантылаарын кошумчалады.

Коопсуздук кеңешинен «Клооптун» кабарчысына маалымдашкандай, реестр качан түзүлөөрү белгисиз — аны түзүү маселеси «иштелип» жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешиндеги өзүнүн алгачкы жыйынында күч түзүмдөрү менен башкы прокуратураны коррупция менен «натыйжасыз» күрөш боюнча айыптаган.

Анын пикиринде, соттор, прокуратура, каржы полициясы жана ичики иштер органдары өз милдеттерин «толук кандуу» аткарбай жатышат.

Жээнбеков коррупциянын деӊгээлин иликтеген «Трансперенси интернейшнел» эл аралык уюмунун рейтинги боюнча Кыргызстан 176 өлкөнүн ичинен 136 орунда турганын далил катары келтирген.

«Бир кыйла жакшыруу динамикасына карабай, биздин эл аралык рейтингибиз дагы эле төмөн бойдон калууда. Биздин позициябызды негизинен сот, укук коргоо жана көзөмөл органдары төмөндөтүп жатышат», — деп белгилеген президент.


ТЕМА БОЮНЧА: