Өзбекстан Баткен облусуна эки тез жардам унаасын белек кылды

Баткен облусуна Өзбекстандын Фергана облусу эки тез жардам унаасын белек кылды. «Дамаз» үлгүсүндөгү унаалардын бири облустук ооруканага, экинчиси Кадамжайдын Жаңы-Жер жалпы дарыгерлер борборуна тапшырылган.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова «Клоопко» кабарлагандай, Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев 15-февралда Баткен шаарына «Дамаз» үлгүсүндөгү эки тез жардам унаасын тапшырган.  

«Унаалардын бири шаардагы облустук поликлиникага берилди. Экинчиси Кадамжайдын Жаңы-Жер жалпы дарыгерлер борборуна тапшырылды», — деди Бердикулова.

Басма сөз катчы унаалар бейтапканалардын муктаждык абалына карай бөлүнгөнүн кошумчалады. Жаңы машиналуу болгон эки ооруканада буга чейин УАЗ үлгүсүндөгү унаалары иштеп келген. 

Эки элдин достугун бекемдөө максатындагы унааларды тапшыруу салтанаты «Кадамжай» унаа көзөмөл-өткөрүү бекетинин жанында өткөрүлгөн.