Жогорку Кеңеш шаардык кеңештердин көпчүлүк добушу менен мэрлердин шайланышын жактырды

Парламентарийлер үчүнчү окууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен шаар мэрлерин шайлоо жөнүндө мыйзам долбоорун жактырышты. Мыйзам долбооруна ылайык, шаар мэрин шайлоо үчүн анын талапкерлигин добуш берүүчүлөрдун жарымынан көбү колдошу керек.

Депутаттар мыйзам долбоорун 15-февралда жактырышты. Мыйзам ага президент Сооронбай Жээнбеков кол кол койгондон сон бир аптадан кийин күчүнө кирет.

Учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана мэрлер жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын үчтөн эки добушу менен шайланышат. Демилгечилер өзгөртүүлөрдүн керектигин учурдагы системада мэрлерди шайлоо «үзгүлтүккө» учурап жатканы менен түшүндүрүштү.

«Айрым  жергиликтүү кенештердин фракциялары, депутаттык топтор саясий жана жекече кызыкчылыктардын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчисин шайлоодо бойкот жасоо жолу менен жергиликтүү кеңештердин сессияларына  атайын кворум жасатпай, мэрлер менен айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону үзгүлтүккө учуратышууда», — деп айтылат маалымкат-негиздемеде.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери 2016-жылдын декабрынан тарта 2017-жылдын мартына дейре кворумдун жоктугунан улам Кемин, Кара-Балта, Таш-Көмүр Айдаркен, Кажамжай жана ошондой эле, 13 айыл өкмөтүндө эки жолу мэрлер менен айыл өкмөт башчыларын шайлай албай коюшканын мисал кылышкан.

Анын натыйжасында, 2017-жылы президент өлкө боюнча 18 жергиликтүү кеңешти тарткаткан. Таркатылган жергиликтүү кеңештерге  мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү үчүн бийлик 7 млн 348  миң сом каражат бөлдү.

«Жогорудагы негиздер менен жергиликтүү кеңештерди таркатуу жана аларга мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү мамлекеттик финансы каражаттарын ашыкча сарптоого гана эмес, адам  жана убакыт ресурстарын ысырап пайдаланууга алып келүүчү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигинин ыраттуулугуна терс таасирин тийгизүүчү факторлордон болуп  калды», — деп айтылат маалымкат-негиздемеде.


ТЕМА БОЮНЧА: