Казакстан кыргыз депутатынын кармалганын тастыктады

Дамирбек Асылбек уулу. Сүрөт: Жогорку Кеңеш

Казакстандын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) «Кыргызстан» фракциясынан депутат Дамирбек Асылбек уулунун кармалганын тастыктады. Кыргыз депутаты Казакстандын атайын кызматынын бажы тармагындагы кылмыш аракеттерди жоюу боюнча уюшулган операциясы учурунда колго түшүрүлгөн.

Казакстандын ТИМнин консулдук кызматынын департаменти өздөрүнүн кыргыз кесиптештерине «Кыргызстан» фракциясынан депутат Дамирбек Асылбек уулунун кармалышы тууралуу расмий билдирүү жиберишти. 24.kg басылмасынын маалыматына ылайык, кыргыз саясатчысы аткезчиликке шектелүүдө.

Парламенттин депутаты 15-февралдан 16на караган түнү кармалган. Жалпысынан Казакстандын төрт облусунда атайын казак кызматтары тарабынан жүргүзүлгөн иш-чарада 29 адам колго түшүрүлүп, анын төртөө кыргыз жарандары болгон.

Алардын арасында мурда Дамирбек Асылбек уулу сыяктуу «Альфа Телекомдо» иштеген кыргызстандыктар Чыңгыз Абакиров жана Уланбек Мурадилов бар деп билдирет 24.kg басылмасы.

Маалыматка ылайык, кармалгандардын арасында бажы кызматынын өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана кылмыштуу топтордун өкүлдөрү бар.

Атайын операция бажы тармагындагы мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн. Аны Казакстандын Башкы прокуратурасы, Улуттук коопсуздук комитети жана Коррупцияга каршы күрөшүү улуттук бюросу координациялаган.

Дамирбек Асылбек уулу – «Кыргызстан» саясий партиясынан 2015-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Ал биринчи жолу 2009-жылы 25 жашында «Ак жол» партиясынан парламентке депутат болуп келген. Андан сырткары, Асылбек уулу грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери жана Күрөш федерациясынын вице-президенти.