Чүй: Аскадан кулаган литвалык альпинисттин сөөгү табылды

Аламүдүн районунун Ала-Арча коругундагы Ак-Тоо чокусунан эки литвалык альпинист 15-февраль күнү түшүп келатышып кулап кетишкен. Эки күндөн кийин бири куткарылып, экинчисинин сөөгү 18-февралда табылды.

Литвалык 36 жана 43 жаштагы эки альпинист 15-февралда Ала-Арча улуттук паркындагы Ак-Тоо чокусунанан түшүп келе жатышып, аскадан кулап кетишкен. Аларды издөөгө 17-февраль күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) жети куткаруучу тартылган.

ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, аскадан кулап жабыркаган альпинисттердин бирөөсү 17-февралда тик учак менен куткарылган.

Дайынсыз болгон экинчи литвалыктын сөөгү 18-февраль күнү түшкө маал табылган. ӨКМ кабарлагандай, альпинисттин сөөгү 19-февралда аскадан жерге алып түшүрүлөт.