Ачкачылык жарыялашкан оппозиционерлер Асанов менен Карыбеков суу иче башташты

Соттолгон оппозиционерлер Бектур Асанов жана Эрнест Карыбеков «кургак ачкачылыкты» токтотушуп, суу иче башташты. Алар дагы деле тамак аштан баш тартышып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башчысы  Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.

Акыйкатчынын орун басары Ерлан Алимбаев 19-февралда соттолгондого барган. Укук коргоочу Асановго, Кадыровго жана Карыбековго барып, алардын ден соолугунан кабар алган.

Алимбаевдин ачкачылыкты токтотуу боюнча суранычына соттолгондор баш тартышкан. Ошого карабастан, укук коргоочу ачкачылык жарыялагандар күн сайын врачтын кароосунда экенин жана аларга асма  үкөл коюлуп жатканын белгилеген.

Абактын башкы дарыгери соттолгон саясатчылардын ден соолуктарын «канааттандыраарлык» деп айткан — анын айтымында, саясатчылар суу иче башташты, бирок тамак аштан дагы деле баш тартып жатышат. Буга чейин Кубанычбек Кадыров суу ичип баштаган эле.

Буга чейин 2017-жылдын 17-апрелинде Биринчи май райондук сот «бийликти басып алуу аракети» үчүн Бектур Асановду, Кубанычбек Кадыровду жана Эрнест карыбековду күнөөлүү деп тапкан.

Асанов менен Кадыров мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен 12 жылга эрктеринен ажыратылган, ал эми Карыбеков 20 жыл абак мөөнөтүнө кесилген.

2018-жылдын январынын аягында сотттолгон саясатчылар ачкачылык жарыялашкан. Алар УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев соттун чечимине таасир эткен деп эсептешип, анын кызматтан кетүүсүн талап кылышкан.

14-февралда соттолгон саясатчылардын тарапташтары менен жакындары Жогорку Кеңештин имаратынын алдында каршылык акциясын уюштурушкан.

Алар бийликтин оппозиционерлер менен укук коргоочуларга каршы куугунтугун токтотууну, мындан тышкары, УКМКнын башчысы Абдил Сегизбавдин кызматтан кетүүсүн талап кылышкан. Бирок бийлик тарабынан эч кандай реакция болгон эмес.


ТЕМА БОЮНЧА: