Чүйдө 32 жаштагы келин жаңы төрөлгөн ымыркайын өлтүрүүгө шектелүүдө

Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы (ИИБ) керебеттин астында сөөгү табылган жаңы төрөлгөн ымыркайдын энесине каршы кылмыш ишин козгоду. Шектүү ооруканада даарыланууда жана кайтарууга алынган.

Чүй облустук ИИБнин басма сөз кызматынан «Клоопко» маалымдашкандай, кылмыш иши «Жаңы төрөлгөн баланын энеси тарабынан өлтүрүлүшү» беренеси боюнча козголду. Учурда шектүү аял «төрөт учурунда көп кан жоготкону» үчүн коштомо күзөттүн кайтарусунда ооруканада жатат.

Окуя 18-февралда Чүй облусунун Восток айлында болгон — милицияга аймактык оорукандан жаңы эле көз жарган, бирок жанында ымыракайы жок аял кайрылгандан кийин чалышкан.

«Шектүү аял ырастагандай, ал өз үйүндө ажаатканада төрөгөн жана ымыркай ал жакка түшүп кеткен. Окуя болгон жерге барышкан ыкчам кызматкерлер ажаатканадан баланын денесин табышкан эмес — ал баштыкка оролуп, керебеттин алдында жаткан», — деп билдиришти милициядан.

Саламаттык сактоо министрилигинен кабарлашкандай, 32 жаштагы аял кош бойлуулугун жашырып жүргөн жана учурда анын абалы «оор» деп сыпатталууда.

Милициядан шектүү ооруканадан чыккандан кийин суракка алынаарын кабарлашты. Мыйзам боюнча шектүү үч жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.


ТЕМА БОЮНЧА: