БШК кош жарандуулукту жашыруу үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү сунуштады

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) депутаттыкка талапкерлер кош жарандуулугун жашыргандары үчүн кылмыш жазасын киргизүүнү сунуштады. БШК бул демилгени Казакстанда кармалган парламенттин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандыгы аныкталгандан кийин көтөрүп чыкты.

БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева «24.kg» басылмасына курган маегинде кабарлагандай, БШКда депутаттыкка талапкерлерде башка өлкөнүн жарандыгы бар же жогун текшере алышпайт.

Журабаеванын айтымында, депутаттык мандатка талапкерлер БШКга аларда бир гана кыргыз жарандыгы бар экени боюнча бардык документтерди өз алдынча көрсөтүүлөрү керек.

«Мыйзам чегинде талапкер Боршайкомго, анын ичинде башка мамлекеттердин тийиштүү кызматтарынын талапкер алардын жараны болуп эсептелбестигин кошкон расмий сурамдардын жоопторун өзү тапшырышы керектигин бекитүү зарыл. БШК бардык документтердин топтому чогулгандан кийин гана аны каттай алат», — деп келтирди «24.kg» басылмасы Журабаеванын айткандарын.

Эгерде депутаттыкка талапкер Боршайкомдон анда башка өлкөнүн жарандыгы бар экендигин жашырып кое турган болсо, «көзкөрүнө жалган маалымат» үчүн кылмыш жазасын киргизүү сунушталууда.

Ошентип БШК Казактанда кармалган кыргыз парламентинин депутаты Дамирбек Асылбек уулунда казак жарандыгы табылганына реакция кылды.

Кош жарандуулук Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келет, себеп дегенде кыргыз жарандыгы бар гана адам депутат боло алат. Бирок мыйзамда мындай эреже бузуу үчүн депутаттык мандаттан ажыратуудан тышкары эч бир жаза чарасы көрсөтүлгөн эмес.

Кыргыз депутаты Дамирбек Асылбек уулу 16-февралга караган түнү Казакстанда аткезчиликке айыпталып кармалган. Кийинчерээк Казакстандын бийлиги Асылбек уулунда кыргыз жарандыгынан тышкары казак жарандыгы да бар экенин билдирген.

Казакстандын ЖМКлары түшүндүрүшкөндөй, кармалган депутат Казакстанда туулган деп көрсөткөнү үчүн казак паспортун ала алган. Ошол эле кезде депутаттын атасы Асылбек Супатаев анын баласы Кыргызстанда туулганын жана улуту боюнча кыргыз экенин билдирген.

Ошондон кийин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жогорку кызматтагы аткаминерлерде башка өлкөнүн жарандыгы бар же жогун текшерүүнү сунуштап чыгышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: