Каракол: Чет элдик студент 3 миң доллар «опузалаган» милиционерлердин үстүнөн арызданды

Каракол шаарынын милициясы «баңгизат сактоо» үчүн палестиналык студентти кармады. Бирок кармалган студенттин досу ырастагандай, ага баңгизатты «көрсөтпөй таштап коюшкан», ошондой эле «опузалоо» жолу менен андан үч миң доллар өндүрүп алышкан.

Маалымат саат 16:55те жаңыртылды

«Вентус» укук коргоо уюмунун башчысы Камил Рузиев «Клооптун» кабарчысына маалымдагандай, 26-февралда ага юридикалык жардам сурап камакка алынган палестиналык студент менен анын досу кайрылган.  

«Биз 27-февралда Караколго барып, кыйноо жана үч миң доллар опузалоо фактысы боюнча Караколдун прокуратурасына арыз жаздык. Палестинадан келген студентти Бишкекте кармап, 25-февралда Караколго алып кетишкен, бирок бүгүн аны Караколдун 3-Тергөө изоляторуна (ТИЗО) которушкан», — деди Рузиев.

Укук коргоочулар акыйкатчыга укуктук жардам сурап, ошондой эле, өкмөткө кайрылууну пландап жатышат.

«Клооптун» кабарчысы кармалган студенттин досу менен байланышка чыкканда, ал окуя 2017-жылдын сентябрында болгонун айтып берди.

«Жарандык кийимчендердин бешөөсү мен Караколго коштоп бара жаткан досумду жана үч туристти токтотушту. Аларды тинтип чыгышып, машинадан ыктымал гашиш табылганын айтышты. Алар өздөрүнө төлөп, маселени жеринен чечүүнү сунушташты», — деди ал.

Ал кошумчалагандай, алар милиционерлерге пара берүүдөн баш тартышкан жана ошон үчүн аларды милициянын жергиликтүү бөлүмүндө дээрлик бир сутка кармашкан.

«Бул туристтер — жашы келип калган эле адамдар, алардын жашы 60тан өйдө. Экөө диабет менен оорушат, ал эми аларга суу да тамак-аш да бербей акча талап кылышып, 20 саат кармашты. Акыр-ягында алардын бирөөсү [милиционерлерге] үч миң доллар төлөп берди», — деди ал.

Ошондой эле, ал милиционерлер анын досуна күнөөнү мойнуна алган көрсөтмө даярдап берип, ага кол коюуга беришкенин кошумчалады.

«Алар төлөп беришкенден кийин менин досум [баңгизат боюнча иштин] баары чечилди деп ойлогон. Менин досум орус тилинде начар сүйлөйт жана ал кандай документтерге кол коюп жатканын түшүнбөй туруп эле кагаздарга кол коюп берген» — деп билдирди ал.

Мындан тышкары, укук коргоочу Рузиев кармалган студент кылмыш иши козголгонун билбегенин ырастады, анткени эч кандай чакыруу жана кабарлоо алган эмес.

Ал эми Ысык-Көл облустук ИИБнин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов «Клооптун» кабарчысына чет элдик студент 2017-жылдын сентябрында 4 грамм гашиш менен кармалып, ага каршы «Баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлады.

«Иш прокуратура тарабынан иликтенип, сотко жөнөтүлгөн. Баш коргоо чарасы катары "Эч жакка кетпөө кол каты" алынган. Бирок ал Караколго сот отурумдарына келген эмес. Ошого байланыштуу Каракол шаардык соту аны издөөгө жарыялаган. Жакында эле ал кармалып, бул жакка алынып келинген», — деп билдирди Усубакунов.