УКМК «Электр станциялар» ишканасынын башчысынын мурдагы орун басарын кармады

Бердибек Боркоев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Электр станциялар» ишканасынын башкы директорунун мурдагы орун басары Бердибек Боркоевди кармады. Ал өзгөчө ири суммадагы акча каражатын чыгарууга жана уурдоого шектелүүдө.

УКМК өзгөчө ири суммадагы каражатты уурдоого шектелген Бердибек Боркоевди кармады.

Тергөөнүн версиясы боюнча, оңдоп-түзөө иштерин жүргүүзүүгө жалданмачы менен түзүлгөн келишим жасалма болгон, ал эми оңдоо иштери Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) өз күчүнө жүргүзүлгөн.

Кылмыш иши «Өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү ыйгарып алуу», «Тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу», «Ыйгарым укуктарды кыянат пайдалануу» жана «Документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча козголду.    

Боркоев УКМКнын убактылуу тергөө изоляторуна камакка алынды.

Мурдараак 30-январда жылуулук борборундагы авариядан кийин премьер-министр Сапар Исаков Улуттук энергохолдингге «Электр станциялар» ишканасынын жетекчисинин биринчи орун басары Боркоевди жана ЖЭБдин директору Нурлан Өмүркул уулун кызматтан алууну сунуштаган. .

Боркоев 2018-жылдын 16-февралында бошотулду, ал эми Өмүркул уулу кызматтан кетүү боюнча арызын 30-январда тапшырган.


ТЕМА БОЮНЧА: