Сагынбек Исмаилов УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын жетекчиси болуп дайындалды

Сагынбек Исмаилов. Сүрөт: «Кабар» Маалымат агенттиги

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Антикоррупциялык кызматынын (АКС) жаңы башчысы болуп Сагынбек Исмаилов дайындалды. Ага чейин бул кызматты президент Сооронбай Жээнбеков күч түзүмдөрүн коррупция менен натыйжасыз күрөш үчүн сынга алгандан кийин бошотулган Дүйшөнбек Чоткораев ээлеп турган.

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-мартта Исмаиловдун Антикоррупциялык кызматтын жетекчилигине дайындалышы боюнча жарлыкка кол койду.

Бул кызматка дайындалганга чейин Исмаилов Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Исамаилов кызмат жолун ошол кезде Фрунзе шаарынын Свердлов РИИБинде милиционер болуп иштеп баштаган. Андан соң ал Сокулук РИИБинде, Бишкек ШИИБинде жана Кыргызстандын ИИМинде ар кандай ыкчам кызматтарды аркалаган.

Ошондой эле, Исмаилов укук коргоо органдарында жетекчилик кызматтарды аркалаган. Ал эки жолу ИИМдин кылмыш издөө башкы башкармалыгына начальниги болуп бекитилип, ИИМдин коллегиясынын мүчөсү эсептелген.

Жээнбеков АКСтин мурдагы башчысы Дүйшөнбек Чоткораевди 19-февралда бошоткон. Аны Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкө башчысы тарабынан айтылган «катуу» сындан кийин кызматтан алышкан.

Жээнбеков коррупция менен күрөшчүлөрдү алар өздөрү «ага батып» калышкан деп билдирип, сынга алган. Жээнбековдун айтымында, УКМКга караштуу Антикоррупциялык кызмат «кол тийбестердин кастасына» айланып калган.  

«2017-жылы АКС кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү багытында болгону 22 пара алуу фактысын аныктаган. Башкача айтканда, орто эсеп менен бир айда бир жарым факты аныкталган», — деп билдирген президент.

Жээнбеков алардын ишмердигин «натыйжасыз» деп атап, Антикоррупциялык кызматтын кадрдык курамында турган ар бир кызматкердин ээлеген ордуна туура келээрин карап чыгуу зарылдыгын билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: